www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ормон аркалык кыргыздардын башын бириктирип, мамлекет кураган соң, айлана –тегерегиндеги мамлекеттер менен дипломатиялык  мамилелерди түзүү максатында Кокон хандыгына, Бухара эмирдигине, Кытай императорунун атайын өкүлдөрү отурган Үрүмчүгө жыйырма жаштан жаңы өткөн Шаменди баш кылып элчиликке жиберген. 

Адамзат тарыхынын беттеринде куйруктуу жылдыздай баянсыз агып өткөн Чыгыштагы эң сулуу ажайыптуу жомок-калаа Бухара тарыхы, да ажайып. Ысык күндө узак жолдон чаң жутуп, кечке жуук жеткен жаш Шамен Улуу Темирландын сарайынан көшүлүп жаткан Бухараны көргөндө айран таң калат. Бухарада бакча менен жүзүмзардын көптүгү ушунчалык, Бухарага жеткенде бийик карагайлуу токойду жана ошол токой ортосуна салынган калааны көргөндөй болот.

Шамендин көргөнү орто кылымдагы теңдеши жок, кайталанбай турган калаа болгон. Бухара эмирлеринин бийлиги байтак, кудрети чексиз менменсингени жүгөнсүз боло турган. 1220-жылкы монгол чапкынчылыгы Бухараны кара туман кылып баскан. Бухара каршылык көрсөткөндүгү үчүн сепилдери кыйратылып, суу түтүктөрү бузулуп, үйлөрү менен мечиттери өрт чалып, жер менен жексен болду.

Мындан кийин жүз элүү жыл боюу Бухара өлбөстүн өмүрүн сүрүп, шуулдаган бак-дарактардын ордун  кум-шагылдар баса баштады. Арийне, он төртүнчү кылымдын аягында баары өзгөрдү. Темирландын бийликке келиши менен Бухара экинчи ирет жаңырды. Чындыгында, Темирлан бийликке келген жыйырма-отуз жылдын ичинде, Бухара соода менен кол өнөрчүлүктүн гана борбору эмес, ошону менен катар, алыс –жакындагы эл тагдырынын тизгинин каруусуна алган Азиянын борборуна айланган. Гүл бакчалар кайрадан бүчүр ачкан.

Темирландын өлүмү Бухарага көлөкөсүн түшүрө алган жок. Темирландын небереси Улукбек бийлик курган кезде Бухарага салынган имараттар Улуу Темирлан тушундагы имараттардан кем эмес эле. Ажайып бийлөөчү, илимпоз, астроном, гуманист Улукбектин тушунда көптөгөн медреселер салынып, Бухара азиялык маданияттын борборуна айланган.

Шамен ойго терең батып, пайгамбардын небере иниси Мухаммед Кусам тууралуу аңызды эстеди. Аңыздын айтымында, Мухаммед Кусамдын аскери намаз окуп, жайнамазга баш коюп жаткан кезде капырлар келип калыптыр дейт. Мухаммед үмөттөрүнүн намазды бузбай турганын билишкен капырлар, ошол жерде барынын башын алат. Көп менен бирге Мухаммед Кусамдын да башы алынат. Бирок, башым алынат деп ал кабатыр болгон эмес имиш. Ал чабылган башын колуна алып терең кудукка түшөт да ары карай бейишке жол тарткан имиш. Кийин далай эрлердин башы алынган падышанын купуя сырын билүү үчүн терең кудукка түшкөндөрү болсо керек.

Мухаммед Кусам Бухарага барып көрбөсө да анын мазары, бейити тагыраак айтканда аңыз боюнча салынган молосу Бухарада  бар. Ыйык орунга жакын жерделген жан оо дүйнөдө ошол олуянын мээримине бөлөнөт деген ишеним калыпташкан, ошол үчүн толуп жаткан ишенимге бөлөнгөндөр ушул жерге сыйынып келишет.

Ырас, мындай урматка экөөнүн биринин колу жете бербеген, ал эми колу жете тургандар саналуулар. Ошондуктан, ал жер Бухарада эң ыйык жер болуп саналат. Бухара Ош сыяктуу биздин заманыбызга чейин көп мурда дүйнөгө келип, гүлдөп көрктөнгөн. Арийне, бир учурларда ажайып Самаркан да, азыркы мамлекет башында турган байыркы Шуша, азыркы Ташкен да мамлекет башында турган эмес. Бухара эмирдигинин байтактысы Бухара болсо, Кокон хандыгынын байтактысы - Кокон болгон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

Последние новости