www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы башкы прокурор, бир кездери темир айым аталган Аида Салянова Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна Алмазбек Атамбаевдин тиешеси бар деп эсептейт. Мындай көрсөтмө беришине эмне себеп болду? Же чындап эле ал Атамбаевдин айткандарын аткарганбы?
Анын айтымында, өзү азырынча сотко чакырыла элек. "Эгер чакырса мен сөзсүз барып, кандай болгонун бардыгын айтам. Ал кезде Алмазбек Шаршенович Батукаевдин ден-соолугуна байланыштуу өлкөдөн чыгаруу керектигин айткан. Ошондой эле, өлкөдө криминалдык абал начарлап кеткенин жүйөө келтирген", -деп билдирет Салянова. Анын айтымында, Атамбаев ага бардык аракеттер мыйзам чегинде болорун ишендирген.
"Мындан улам мен Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна мурдагы президенттин тиешеси бар деп эсептейм. Ал эми, өзүмдү мурда айткандай күнөөлүүмүн дебейм. Түшүнсөңөр, прокуратура бул соттолуучунун ден-соолугу тууралуу документти текшерген сот же дарыгер эмес. Бизге мындай укук берилген эмес. Эгер Атамбаев Батукаевдин абалы тууралуу документерди өзгөртүп жасаган болсо, ал сөзсүз жооп бериши керек", - деп деп айтканы тууралуу "Факты kg" гезити жарыялады.
Булак: NazarNews.kg