www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатын айтыш керек, Аида Салянова баш прокурор болуп келгенде башында бул эмнени кыйратмак эле деп тоотпогондордун кийин “чмосун” чыгарганын унута электирбиз?

Ошол камалгандардын баары жапырт камактан бошонушту. Учурда кайрадан “үйүр” топтошуп тишин Аиданын этине матыргысы келгенин жашырышкан деле жок. Жообу даяр, келме кезек ушул турбайбы деген. Антсе да ошол камакта отургандардын кимиси аппак болду экен деген суроо жаралышы турган иш. Алардын кылдай күнөөсү жок болсо, анда калпыстык кетти беле, кокуйгүн…

Жашоо-бумеранг. Бүгүн айласы кетип бирөөлөрдү сыздаткандар, эртеңөзүнүн башына так ушул тагдыр келип каларын эсинен чыгарбаса. Керек болсо мындан да жаман кырдаалга дуушар болбойт деп эч ким кепилдик бералбайт. Азыркыларды жампага отургузуп койчулар эртең азаттыкка чыкканда байкаларын деле кыстара кетели. Ошондуктан өйдө жакты аркардай болуп карабай, мурунку бийликтегилер деп санабай, мыйзамдын чегинен ашпай, салмактуу болуп таштай турушу кажет прокурорлордун.

Булак: "Ачык сөз"

 

Последние новости