www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салиха, Мухаммад, Амина... Популярдуу ысымдарын ондугу

Жыл башынан бери эң көп ыйгарылган ысымдар — Салиха жана Мухаммад болду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Өткөн жылы Мухаммад 6 миң 176 балага жана Салиха 3 миң 878 кызга ыйгарылган.

Алты айда Кыргызстанда 70 миңге жакын ымыркай төрөлсө, алардын 33 миң 370и кыз жана 2 миңге көбү, 35 миң 359у уул.

Эркек балдар арасында 10 эң популярдуу ысымдар: Мухаммад — 3667, Умар — 2181, Али — 1659, Рамазан — 1428, Амир — 1370, Билал — 1190, Усман — 1096, Алихан — 1012, Нурислам — 930, Мухаммед — 849.

Кыздар арасында 10 эң популярдуу ысымдар: Салиха — 2043, Фатима — 1489, Айлин — 1451, Сафия — 1400, Амина — 1389, Алия — 1361, Раяна — 1273, Аиша — 1244, Хадича — 1181, Аруузат – 1102

Последние новости