www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Профессор Салима Шарипова, КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун бала-чагы тууралуу учкай пикирин социалдык тармакка жазып чыкты.

--Сооронбай Шарипович, Өзгөн шаарына кичинеңерде Жусуп, менин иним Мамытбек менен жолукканы келгенде Сизди жетелеп келген.

"Суу ичким келди"- дегенде мен чөмүчтө суу берсем, "Мен жыгач кеседе суу ичем", - дегенсиз.

Атам апам экөө аябай каткырып күлүп, апам жабанына бекиткен жеринен Арстанбаптын жаңгагынан жасалган үч кесени алып чыгып "танда" деген... Атам ошондо "бул айтканын жасаттырат", - деген. Ошол улуу инсандардын баласы, аяш баласы болуп чоңойгонсуз.

Азыркы кырдаалда Кыргызга керектүү нерсени жасаттырыңыз! Ушакчы, көралбас, жаны жок жалганчылар мамлекетти артка тартып келүүдө. Азыр кимдин-ким экени бардыгы ачыкка чыкты. Кудайым сизге ден соолук, күч-кубат, үй-бүлөөлүк жылуулук тартууласын! Элибизде куру дооматка чалынгандар болбосун! - деп жазган атактуу айымдардын бири, жазуучу Салима Шарипова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости