www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда тигүү тармагы үчүн кызматкерлердин милдеттүү төлөмдөрү төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.
Анын айтымында, 2022-жылы эле бул тармак үчүн бирдиктүү салыктын 0,25 пайыз өлчөмүндөгү ставкасы киргизилгенин белгиледи. Бул өндүрүш тармагы үчүн эң төмөнкү ставка болуп эсептелет.
"0,25 пайыз - бул өндүрүш үчүн эң төмөнкү ставка. Башка өндүрүштөрдө, мисалы, накталай эсептешүүдө - 4 пайыз, накталай эмес эсептешүүдө - 2 пайыз. Ал эми бул жерде 0,25 пайыз башкача айтканда, 10 эсе төмөн ставка", — деди ал.
Ошондой эле Кубанычбек Ысабеков чакан бизнестин айрым өкүлдөрү үчүн патент менен иштөө мүмкүнчүлүгү калганын билдирди. Мисалы, чакан тигүү цехтери үчүн 10 тигүү машинасына 2 миң сом, дагы 10 машинага 1 миң сом төлөнөт. Ошол эле учурда ар бир патент боюнча жүгүртүү 8 млн сомдон ашпоого тийиш.
Ал тармактагы негизги салыктык маселе бирдиктүү салыктын ставкасына эмес, кызматкерлер үчүн төлөнүүчү төлөмдөргө — киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрүнө байланыштуу болгонун түшүндүрдү. Мурда бул сумма кызматкерлердин категориясына жараша 5,5 миң сомдон 9,5 миң сомго чейин жеткен.
"Бул өтө көп деген сунуш түшкөндөн кийин, биз бардык категорияларды бириктирип, төлөмдү 2,5 миң сомго чейин төмөндөттүк. Натыйжада төлөмдөр 3-4 эсе азайды. Андан кийин тармак өкүлдөрү ачык иштеп, кызматкерлерди расмий көрсөтүүгө даяр экенин билдиришти", — деди Кубанычбек Ысабеков.
Ал тигүү тармагы өлкө үчүн социалдык жактан маанилүү экенин баса белгиледи, анткени бул тармакта миңдеген адамдар иштейт. Ушуга байланыштуу мамлекет бизнестин мыйзамдуу жана туруктуу иштеши үчүн шарттарды түзүүгө кызыкдар.