www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Американын басым-кысымынан улам Индия Россиянын нефтисин алууну азайтып, Жакынкы Чыгышка ыктаган эле. Эми минтип ал жактагы согуштук кырдаалга байланыштуу Россияга көз карандылыгы артып, аргасы түгөнүп отурат.
Арийне, АКШнын президенти Дональд Трамптын Индияны Россиянын мунайын импорттоодон баш тарттырууга жасаган аракети Ирандагы согуштук операциялардан улам ишке ашпай калды. Анда Американын басымы астында Индия Москвадан аталган продукцияны алууну азайтып, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү: Ирак, БАЭ, Кувейт жана Сауд Арабиясынын экспортуна багыт алган.
Натыйжада эмне болду? АКШ-Израилдин Иранга каршы биргелешкен чабуулу Жакынкы Чыгыштагы мунай ташылган Ормуз кысыгынын иш жүзүндө жабылышына алып келди. Мындан улам Индия кайрадан Россиянын мунайын алууга мажбур абалга келди.