www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

7-мартта Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Торпок айылына жакын талаадан зомбулук белгилери бар эки эркек кишинин сөөгү табылган. Алар 27 жана 23 жаштагы жарандар экени аныкталган. 23 жаштагы жаран 1-марттан бери дайынсыз болуп, издөөгө алынган. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Бул факт боюнча «Киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, 19, 21 жана 25 жаштагы үч шектүү Баткен облусунун Кадамжай районунан кармалып, Чүйгө жеткирилип эки айга камакка алынган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүүлөр жабырлануучуларды батирге алып барып сабап, акчасы менен iPhone 13 жана iPhone 15 телефондорун тартып алышкан. Андан соң аларды бир сутка кармап, түнү менен колдорун байлап, көздөрүн таңып, Hyundai Sonata унаасы менен Ак-Торпок айылына жакын талаага алып барып өлтүрүшкөн.

Телефондор Бишкектеги ЦУМ жана «Берекет Гранд» соода борборлорунда сатылганы аныкталган.

Издөөгө алынган кылмыштын уюштуруучусу делген 20 жаштагы жаран 9-мартта Ош облусунан кармалды.

Последние новости