www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Украина жана Орусия менен жаңжалды токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү кийинкиге калтырды. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамптын атайын өкүлү Стивен Виткофф 10-мартта CNBC каналынын эфиринде билдирди.

"Украина, Орусия жана АКШнын ортосундагы үч тараптуу тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кийинки айлампасы кийинки жумада өтүшү мүмкүн", - деди Виткофф.

Украинанын президенти Владимир Зеленский дагы даталардын өзгөргөнүн ырастады. 

"Сүйлөшүүлөр 10-11-мартка Түркияда пландаштырылган, бирок Жакынкы Чыгыштагы согуштан улам АКШ тараптын демилгеси менен кийинкиге калтырылды", - деди Зеленский.

Украинанын делегациясы Түркияга барууга даяр экенин кошумчалады. Түркиядан тышкары, Швейцария да жолугушууну өткөрүүнүн мүмкүн болгон жери катары каралууда. Сүйлөшүүлөрдүн мурунку айлампасы февраль айынын ортосунда Женевада өткөн.

Последние новости