www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан контролдук-өткөрмө пункттарына жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарында ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден ири мүйүздүү малды жана майда мүйүздүү малды тийиштүү уруксат берүүчү документтерсиз ташуу фактысын аныктады.

Атап айтканда, бир аптанын ичинде Кыргызстандын аймагына 474 ири мүйүздүү малды жана 114 майда мүйүздүү малды мыйзамсыз ташуу аракети аныкталды.

Импорттоочуларда товарды ташып келүүгө коштоочу документтери жана салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок болгон.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык чараларды көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости