www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанды коррупцияга белчесинен батырып, эми алыста туруп акыл үйрөткөн Сапар Исаков деген белгилүү аферист бар. Себеби кычкачты 600 долларга, жыгач атты 14 500 еврого баалап кыргыз элин тоногонун Кыргызмын деген унутпайт!

Нет описания фото.

Возможно, это изображение (в помещении)

Ал эми "Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо 150 миллион долларга бааланган долбоорду 386 миллионго баалап акча жегенин Алмазбек Атамбаев экөө унутпашы керек. Сапар Исаков 6 миң км метр алыста туруп, алып экс президент Сооронбай Жээнбековго асылбай, мамлекеттен алган акчаларыңды казынага кайтарып бер. Болбосо сени тарых, да Кыргыз эли да кечирбейт. Октябрда мени өлтүрмөк болушкан экен дептирсиң, сени өлтүргөндөн пайда жок, себеби сен болуп көрбөгөндөй Кыргызстанды тоноп, 100 жылга артка кетирдиң. Премьер министр болуп турган учурда, Алмазбек Атамбаев менен канча былык иштерди жасап жүргөндөрдү анын балдары эле айтып чыкпады беле. Эр болсоң келип, элден кечирим сурап, өмүр бою карыз төлөп өтөйүн деп тизе бүгүп кел! Ал да сага аздык кылат. Анткени сен эң күчтүү коррупционерсиң казынадан акча уурдап, көнүп калган адатыңды сагынып ар кайсыны сүйлөп жатасың. Бир эле Тарых музейде жыгач аттарды 14500 евродон, кароолчу отурган отургучту 100 000 сомдон сатып алдым деп элди сызга отургузуп “Лигласс” сыякту фэйк компаниялар менен келишим түзүп Кыргыз Өкмөтүн 1,7 миллион долларга карызга батыргансың буга түздөн-түз Алмазбек Атамбаев экөөң жооп беришиңер керек. Ал эми ошол учурда Россия ГЭС куруп алгыла деген 36 миллион доллардын да изи жок. Ушундай кыянаттык кылып, элдин убалына калгыча туулбай деле койсоӊ болмок экен Сапар!

Сени кимдер колдошу мүмкүн, табакташ аферисттер Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары колдоочулары болушу мүмкүн. Эгер ошол млярд долларлардан бөлүшкөн болсоң. Антпесе сени азыр колдойм деген адам жок. Эгер намысың менен алкымың таза болсо, качып кетпей өз укугуңду коргобойт белең. Биз укуктуу эркин өлкөдө жашайбыз. Болгону сенде жүрөк жок! Унутпа!!! Ууруларда элди тоногон аферисттерде намыс да жүрөк да жок!

Алыста туруп сагызгандай сассык сайрабай, өз элиңе кел. Казынага млрд долларды кайтар! Дагы кайталап, айта кетейин экс-президент Сооронбай Жээнбековго асылбай жүр! Анткени экс ажобуз сендейлер менен табакташ болгон эмес! Сени пайдаланып башыңды бардык тешикке тыккан Алмазбек Атамбаев экенин унутпай жүр!!! Аферист!!!

Айкөкүл Асылбекова, активист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости