www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошол октябрь окуяларында мыйзам талаасынан чыгып кетсек, Кыргызстанды эл аралык коом тааныбай коймок. Мындай пикирди легендарлуу парламенттин депутаты, экс-министр, академик Жамин Акималиев  NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

--“Биз эң негизгиси мыйзам талаасына кайтып келдик. Себеби, 5-6-октябарда ушундай кадамга барбасак болбойт эле. Ошол октябрь окуяларында мыйзам  талаасынан чыгып кетсек, Кыргызстанды эл аралык коом тааныбай коймок. Андай болсо биздин мамлекетке эле кыйычылык жаралмак. Ошол учурда Жогорку Кеңеш мыйзамсыз отурушса дагы колдоп беришти. Элге ушуну туура түшүндүрүшүбүз керек. Ал эми Садыр Жапаров президент болгондо дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттерден куттуктоолор келди. Бул Кыргызстанды мыйзамдуу өлкө катары тааныганынан кабар берди. Алдыда парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алсак. Эл үчүн, жер үчүн татыктуу иштеген уул-кыздар келсе, алдыга жыла беребиз", - дейт академик. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости