www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көптөн бери көңүлүмдүн төрүндө жүргөн, жүрөгүмдү өйүгөн маселе жөнүндө жазсамбы деп жүргөм… Көөдөндү эзгилеген турмуштун реалдуу чындыгын, болгондо да аял-эркектин тең укуктуулугун, социалдык ордун, адеп-ахлагын, уят-сыйытын, моралдык-материалдык бүлүнүүсүн, аялдар менен эркектердин демократиялык коомдогу ээлеген ордун изилдөө өзүнчө бир чоң тема.

«Алтын баштуу аялдан бака баштуу эр артык» демекчи, чү деген эле жерден кептин учугун мырзалардан уласак. Азыркы коомдун эң эле көйгөйү эсептелген «жумушсуздук» эркектердин белине тепкендей эле сокку болду. Анткени, катын-баланы эч нерседен кем кылбай багып өстүрүү, аларды эрезеге жеткирип, үйлөп-жайлап, ар бирин тууруна кондуруу, үй-жайлуу кылуу – атанын мойнундагы парз да, карыз дагы.

Ал эми азыркы коомдун кыйынчылыктарына туруштук бере албаган, чыдамсыз, жалкоо эркектерибиз арбыды. Элибиз эгемендүүлүккө өтүп, эл эркиндикке чыкканы, завод-фабрикалар жабылып, жумушсуздук күчөгөнү, замандын кризиске учурап, көп адамдардын жумушсуз калганын эркектер көтөрө албай майышып, кээси басар жолун таппай эркин күчүн аракка айырбаштап жибергени болду. Дагы деле баягы отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн «Аялдар» жоктон бар кылып, жашоонун эбин таап базарга чыкканы базарга чыгып, Россия, Казакстан өлкөлөрүнө чейин ала капты моюнга асып, а эркектер үйдө бала багып калгандарын жашырганда эмне?..

Бул турмуш чындыгы экенин баарыбыз билебиз жана моюнга алабыз. Баш оту менен ичимдикке берилип кеткендер канча?.. Эмне мынча эркек заты эрксиз, күчү аз?.. Кыйынчылыкка чыдамы аз, бат алдырышат. Анан да чокчоңдоп аялдарын сабаган эркектерчи?.. Бычакка сап болор, элинин, улутунун эртеңин ойлор, эл коргор жигиттер күндөн күнгө азайып барат. Рынок экономикасын басып өттүк, ал кезде чын эле аялдар базарда, эркектер казанда болуп калышты. Ал эми азыркы учурдачы?.. Кыргызстандын бир жарым миллион калкы агылып бакыт, байлык издеп, Россиянын региондоруна келип жан багуунун айласын жасап келишүүдө. Мында деле баягы Аялзаты. Экиден-үчтөн иште иштеген айымдарыбыз бар, а жигиттерибиз короо шыпыруу, жүк ташуу менен күндү кечкиртип, тапкан акчасы өзүнүн кара курсагынан ашпай жүргөндөр жүздөп саналат. Мага албетте, биздин мырзалар капа болушпас, бирок бул замандын ачуу чындыгы!..

Сынды туура кабыл алышат деген үмүттөмүн. Кыздарды сыйлаганды дээрлик билишпейт, коомдук жайларда өздөрүн кармап жүрүүнүн маданиятын билбегендер чыгат арабыздан, ичине жүз грамм кирген соң үңүрөңдөп сөгүнүп, оозунан «ак ит кирип, кара ит» чыккандар толтура.

Мына, кыз жандаган жигиттерди эле алалы. Кечелерге барып калса бир сом чыгара албай, кыздардан акча үмүт эткендер кездешет, бай аялдарды шынаарлагандар да жок эмес. Ушинтип отурса кыргыз кыздарыбыз албетте, башка улут менен мамиле түзүп кетээри закон ченемдүү көрүнүш. Анан түштөн кийин патриот болуп чокчоңдоп чыга келишет. Кыргыз кыздарын коргобой эле кордоп жүргөн мырзаларыбыз жок эмес. Минтип отурсак, кыргыз улуту аргындашып, (тажик, азер, өзбек, негр), ар улуттун жээндерине байып, бара бара улут жоголуу коркунучу турат. Бул эң чоң трагедия!

Кара жумуш чегерилген майыптай,
Кайда кайда кастарланган зайыптар?..
Бала төрөп, тарбиялаар аялды,
Бага албаган мырзаларда айып бар.

Кайда кайда, мекен коргоор жигиттер,
Кыз-келиндин дайнын билип иликтээр.
Чачтын учун кезкен кезде орусту,
Тындым кылган «көкүрөгү бийиктер».

Чачын эмес тартып кетсе аялын,
Башка улутка тийген кыздар баянын.
Солк этпеген!.. Эркектерин кыргыздын,
Сөзгө кошуп баяныма саламын.

Илгери аялынын чачынын учун кескендиги үчүн Курманжан датканын уулу орустун жети азаматын тындым кылып көмдүрүп салган экен, а азыркы жигиттерибизчи?.. Кыздарды турмак аялдарын коргой албай калган абалга жеткендер жок эмес. Далбактатып катын кийээр ыштан кийип алышкан, чачын өстүрүп боеп алгандар бар, кала берсе оозуна ооз боек койгондор бар экен тобоо… Анан кантип?..

Кокус, кудай өзү сактасын, жаза тайып согуш чыгып кете турган болсо, ошондо деле дзотко төшүн төсуп, аялзаты чыгат болуш керек деп ойлоп кетем, а жигиттер аялдардын этегине корголоп отурат бул кетиште. Анан да булардын назиктигин, кеп көтөрө албастыгын, жүрөнөөктүгүн айтыңыз…

Аялын үйгө отургузуп коюп, башка кыздардын башын айлантып, жолдон чыгарышат. Жаш кыздарды көз көрүнөө бузуп, боозутуп коюп, төө көрдүңбү жок, бээ көрдүңбү жок деп беймарал жүргөндөр да кездешпей койбойт. Кыздан кызды тандап, келинден келинди жандап жүргөн эркектер коомду бузуп, «ыржың кыз тыржың күйөө» болуп, никелешпей ойнош болуп же чампа никеге тура койгондор маданияттуу мыкчыгер, моралдык жактан бузулган, аягы суюк эркек сойкулар көбөйүүдө. Анан да көктөн түшө калгансып аялын чангандарчы?.. Аларды кудай жаратып, аялдар ылайдан жаралыптырбы?.. Өзүнөн улууларды апа кылып алып алган, убактынча кара курсагынын камын ойлоп, эртеңки күнгө келечеги жок, энесиндей аялдын эмчегин эмип жаткан боз балдарыбызчы?.. А буларга ким күнөөлүү?!

Жаштарды го бала дейбиз, а ата сакалы оозуна бүткөн байкелерди эмне десек жарашат?.. Анан «жаман эркек мактанып катынын сабайт» болуп, күндөп-түндөп иштеген аялын жүндөй сабап, көрүнгөндөн короңдоп кызганымыш болуп, ар шылтоону бетине кармап бир «бетин жуубаган суюк аяктын этегине башын тыга калган» эркек жандарыбыз аман эле болушсун!..

Анан тиги албарстыдан көңүлү калып, ал акчасын да, болгон дараметин да болушунча соруп, бар кайда барсаң анда бар деп итчесинен көчөгө чыгарып койгондо, «ат айланып казыгын табат» болуп, жаңылдым жаздым деп, аялына «сенден өтөрү жок экен» деп кайра келишет, намысы жоктор! Ошондуктан айтылса керек, «ат айланып казыгын табат».

Байкуш аял кантсин, балдарым тирүүлөй жетим калбасын, үй бүлөмдүн оту өчпөсүн деп, тиги «канчык иттин артынан үйүгүшкөн дөбөттөй болуп каңгыган» эрин кечирип, «ич дарты ичинде» тирилигин улайт. Мындай трагедиялуу өзүн курмандыкка салган тобокел тагдырлар миңдеп саналат. Ал эми эркектерибизчи?.. «Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?» болуп, кайрадан эски былыкчылыгын жасай беришет тура…

Кыргыздын дагы бир намыстуу улуу акыны Аман Токтогулов:

«Жакшы менен жүргөн күнүң ал майрам,
Жамандарга кор болбосун кайран жан.
Эссиз менен эриш аркак болгончо,
Эстүүлөрдүн жанында бас чай кайнам» — деген тура…

Анын сыңарындай, мындай саны бар, сапаты жок эркектаналардын, «аял үндүү эркектен, эркек сымал аялдан түңүл» дегендей, барынан жогу…

Бирок эркектердин баары бирдей дегендей алысмын, албетте, аялдардын коргоочусу, колдоочусу, туусу болгон, аялдарды көкөлөткөн, сыйлаган интеллигенттүү, маданияттуу мырзалар арбын арабызда. Бирок ушул сыпайы мырзаларыбыздын сыпайылыгын «бир карын майды бир кумалак чириткендей; «намыстуу» мырзаларыбыздын кылык-жоруктары жууп чайып кетип атпайбы?..

Эгер баарын эле аялдар аткарып атса эркектердин кереги не деген суроо жаралат?.. Же эмне тукум улоо үчүн элеби?.. Тукумду да элим-жерим дей турган сабаттуу, түшүнүктүү эркектен алган жакшы го дейм. Анткени «алма сабагынан алыс түшпөгөндөй», ичкич жалкоодон кайсы эл башкарар адам чыкмак… Эл башы демекчи, элин таштап качып аткан да, элин кызыл кыргынга салып кырып аткан да ушул «эркек» ажолорубуздан чыкты го?!

Мырзаларыбыз ушинтип ичип-чычып, ычкырдан башканы ойлобой калган деңгээлге жетип отурса, биз аялдар кимге ишенип өзүбүздү тапшырабыз?.. Эркектерибиз качан эркектик милдетин өз моюндарына алат, качанга чейин арабаны биз тартабыз?.. Аялдар качан үйдөн чыкпай бала төрөп, бала тарбиялап, кир жууп, тамак жасап, кечинде жумуштан кайтып келген күйөөбүздү атыр жыттана кубанып тосуп алган күн келет?.. Качанга чейин кыргыз аялдары тытынып, күйүп-бышып, отко сууга өзүбүздү салабыз?!

Өзүңүздү бир караңызчы, кыргыз айым эжелер, сиңдилер, апалар! Тытмаланып жүрүп, мезгилибизден эрте карып баратабыз, бала-чакам, үйбүлөм деп жүрүп өзүбүздү унутуп коюудабыз. Же жалганбы?..

Ар бир экинчи аялдын күйөөсү ичкич, жумушсуз, тапканынын берекеси жок, ар бир экинчи аялдын күйөөсү жүрөнчөөк, эркек сойку!!!

Бир катынды эптеп бага алышпай, экинчи-үчүнчүсүнө чуркаган, белден ылдыйды гана эңсеген ычкыр жиндиси, кырчаңгы!..

Учурда экинчи-үчүнчү болуп байлыкка кызыгып токол болуп алган кыз-келиндерибиз да жок эмес… Оңой оокат издеп, жанын кыйнагысы келбей, денесин сатып жан бакканы канча!!! Алардын келечеги жок, эне болуу бактысынан ажырагандар эмеспи…

Жатынын саткан кыргыз кызы, кыргыз эмес! Антейин десең кадимкидей кесип кылып алышкан. «Көчөдө калдым, күйөөм таштап кетти» дешет сурасаң. Анан булардан кандай балдар туулат, арамдыктан арам туулат ко. Келечек урпактарыбыздын, муундарыбыздын келечеги, көргөн күнү не болот, улутубуз не болот?! Жооп берээр адам барбы ушул маселеге?…

Башка улут менен жүрүп, тажик, түрк кала берсе негр жээндер көбөйдү. Үй бүлө бузуу көбөйдү, тынч турган үй бүлөнүн тынчтыгын бузуп, эр тартып алуу көбөйдү. Эптеп эле бирөөнү (жашпы, карыбы дебестен) «эр кылып алсам» деп, молдо-кожо кылып баш айланткан эрге жалчыбаган сойкулар көбөйдү. Бирөөнүнү эрин кылгыра тиктеп азгыргандар, жаштыгына чиренген, эрсиз тура албагандар көбөйдү. Эрсиз төрөгөндөр, аборт жасаткандар көбөйдү. Жапжаш туруп бузулгандар, дегеле бузукулар көбөйдү.

… Кантсе да, алаканды алаканга чапканда шак этип үн чыккан сыяктуу, эки жактан тең күнөө кетиши анык. Андыктан эмоцияга алдырбай, мунаса кылып, бирин-бири түшүнүшкө аракет кылып жашашса, ажырашуудан мурун жети ойлоп бир кесишсе, балким жөнү жок ажырашуулар азаяр?.. Албетте, жашоо болгон соң казан-аяк кагышпай койбойт дечи, бирок кызуу кандуулукка алдырбай, аялы тилин тыйып, күйөөсү жинин тыйып, оң колдун ачуусун сол кол менен басып, бири ачууга алдырганда бири ылдый болуп, бир сөздөн калып койсо, аалам гүлүстан болор эле…

Булак:ruhesh.kg

Последние новости