www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Самаркандда жергиликтүү бийлик Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине байланыштуу коопсуздук чараларын күчөттү. Байкоочулар муну Орусиянын президенти Владимир Путиндин ыктымал сапары менен байланыштырууда. Жыйын 15-16-сентябрь күндөрү өтөт.
"Озодлик" радиосу менен маектешкен жергиликтүү тургун коомдук тартипти камсыздоо үчүн коңшу шаарлардан Самаркандга Улуттук гвардиянын жана Жол кайгуул кызматынын кошумча күчтөрү тартылганын билдирди.
– Шаарда Улуттук гвардиянын машинелеринин саны көбөйдү. Мындан тышкары биз Жол кайгуул кызматынын кызматкерлеринин автоунааларын да көп көрүп жатабыз, – деди атын атагысы келбеген самарканддык активисттердин бири.
Бул арада "Өзбекстан аба жолдору" авиакомпаниясы 14-16-сентябрь аралыгында Самарканд эл аралык аэропорту жабык болорун эскертти.
Самарканд элдик билим берүү башкармалыгы шаардагы мектептерде окуу 19-сентябрда башталарын, ага чейин сабактар онлайн өтөрүн жарыялаган.
Саммиттин алдында Самарканддын көчөлөрү селсаяктардан жана жолбун иттерден тазалана баштады.
ШКУнун Самаркандда өтө турган саммитине уюмга мүчө бардык өлкөлөрдүн – Орусия, Кытай, Индия, Пакистан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын башчылары катышат деп күтүлүүдө.
Индия менен Кытай лидерлери жыйынга келерин тастыктады, бирок Кремль да, расмий Ташкент да Путиндин Самаркандга сапары жөнүндө маалымат бере элек.
Февралда Орусия Украинага каршы согуш баштагандан бери Путин июнда Тажикстанга жана Түркмөнстанга барган.
Өзбекстан ШКУ саммитин акыркы жолу 2016-жылы өткөргөн.
Булак: NazarNews.kg