www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Саман учса, Самаркан өрттөндү» деп угулат башынан. 15-16-сентябрда Өзбекстандын Самаркан шаарындагы ШКУнун кезектеги отурумунда Кытайдын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын президенттери темир жол долбооруна кол коюунун астында турат. Кытайдан 180ге жакын адис келип, биздин адистер менен чогуу геофизикалык иштерди жасап жатышат. Кийинки жылдын жарымында мунун техникалык-экономикалык негиздемеси бүтүп калат. Ошондой эле ал Кыргызстандын аймагынан өтүп жаткан темир жолду курууга 5-7 миллиард долларга чейин каражат сарптоо керектигин белгиледи.

 Казакстан Кытайлар менен түздөн-түз соода кылыш үчүн «Хоргос» базарын ачышып, ал жерде азыр үч миңден ашып бараткан, эртең жүз миң калктуу Нуркент шаарын куруп жатышат. «Хоргос» аркылуу соода түйүндөрү өтүп, мурун Салымбековдун «Дордойу» аркылуу соода кыла турган «баурдастар» күчүн «Хоргоско» топтой баштады. Негизи Казакстан кытайлардын темир жолун өздөрү тараптан өткөзүп, Борбордук Азияда лидерликти бекем кармоо үмүтүндө. Ошондуктан, казак «баурдастар» Хоргоско чоң үмүт менен карап, Кыргыз-Кытай темир жолун атаандаш катары гана көз салып турушат.

Жыйырма алты жыл же 1996 - жылдан бери талкууланып келаткан Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун техникалык негиздемеси быйыл араң иштелип чыкмай болду.  Долбоор  андан бери техникалык негиздеме 2 жолу - 2002чи жана 2012-жылдары даярдалган, аны дагы бир жолу жаңылап коюу - оңой эле нерсе. Отуз жыл ичинде Кыргызстан өз аймагында бир да метр темир жол кура алган жок жана анын түндүгүндөгү жолдор эмгиче «Казак темир жолунун» бөлүгү болуп эсептелет. Бишкек менен Балыкчы ортосундагы темир жол дагы эмгиче жакшылыктуу иштебейт, поезддер көп болгондо, Кант менен Токмок жана Балыкчы тургундарынын турмушу бир топ оңолмок.

Маселе - биздин бийлик темир жолду көп деле каалабайт жана түшүнбөйт, анын кенендигин өзгөрткөндөн болсо коркот - ал үчүн Орусиянын уруксаты керек. Дөңгөлөктөрдү алмаштыруу түйүнүн Торугарт же Эркештамда куруу Кытай үчүн пайдалуу эмес, андай түйүн Кыргызстан менен Өзбекстан чек арасында курулса, анда өлкөдө эки башка система пайда болот жана аны менен ансыз деле араң жаны бар темир жол системасы таптакыр талкаланып кетиши мүмкүн.

Темир жолдун рельстер ортосунда аралык ар түрдүү кетет, стандартуу деп европалык темир жолдун рельстер ортосунда аралыгы кирет, бул 1435 миллиметр. Бул жерге Ирандын темир жолдун рельстер ортосунда аралыгы да кирет. Ал эми азиялык темир жолдун рельстер ортосунда аралыгы 1676 миллиметр буга кошуналардан Кытай, Пакистан киришет. Ал эми биз эски советтик же азыркы орусиялык темир жолдун рельстер ортосунда аралыгына киребиз же 1520 миллиметр. Эгер Кытайдан темир жолдун рельстер ортосунда аралыгы азыраак экени белгилүү болсо ал ошол менен жүк алып келип орусиялык темир жолдун рельстер ортосунда аралыгы көбүрөөк  рельстер менен  келген поюзга жүктөй турган болсо, бул жүк жүктөөчү станциялар Кыргызстанга курулса канча пайда алып келет:

  1. Кыргыз-Кытай-Өзбек темир жолу экономиканын өнүгүшүнө чоң таасир берери анык. Кыргызстанга темир жолдон алына турган салыктан тышкары темир жолдордун түзүлүшү Европада жана Кытайда  эки башка стандартта. Ошондуктан, Кытайдан келаткан жүк кайсы бир жерде түшүрүлүп, кайра Европалык вагондорго жүктөлүшү керек? Кыргызстандын аймагында бул жүктөр түшүрүлүп, кайра жүктөлө турган болсо миңдеген жумушчу орундары түзүлмөк.
  2. Кыргызстан ушул темир жолу аркылуу деңиз портуна чыкмак, интеграцияланып жаткан  Европа-Азия зуулдап биздин аймак аркылуу өтүп жатмак.  Жаратылыш шарты боюнча континенттин ортосунда орун алган Кыргызстанга башка дүйнө менен тез арада сиңишип кете турган интеграциялык процесстер оңой менен жылбай, оор түйшүк алып келип жатат. Мындай ахыбалдан чыгуу үчүн бул долбоор деңиз портуна чыгууну камсыздайт.
  3. Шавкат Мирзиёевдин   келиши менен «ичиркенип» келген «муз эрип» Өзбекстан менен чек ара маселелери чечилип жатканы элди кубандырып турат. Суу ресурсуна бай Кыргызстан газ алып турганы да, Өзбекстанды суу менен камсыз кылып турганы да талашсыз. Анткени, чейрек кылым Өзбекстанды жетектеп келген Ислам Каримовдун «муздак» саясаты бир гана Кыргызстанды эмес, көпчүлүк КМШ мамлекеттерин «ичиркентип» келген. «Лед тронулся» -деп койот орус калкында.
  4. Эгер Кытайдан өтө турган темир жол Өзбекстан аркылуу өтө турган болсо «Батыш-Чыгыш» жана «Чыгыш-Батыш» жүктөрү Фергана өрөөнүн өрдөп өтүп калмак. Бул деген Өзбекстандын тез арада өнүгүүсүнө жана дүйнөлүк коомчулукка тезинен аралашышына алып келет. Ошону менен бирге Өзбекстан аймагы Чыгыш менен Батыштын кызыгуусун ого бетер арттырып, өзүнүн ички саясий стабилдүүлүгүн катуу тартипке келтирип, өлкөнүн казынасы көздөй  экономикалык дивиденддер менен инвестициялар агылып, жыйынтыгында Өзбекстандын башка мамлекеттерге көз карандылыгы жоголуп, ого бетер бекемделмек.
  5. Чынында ушул темир жолдун таасири менен Өзбекстан аймактын лидерине айланмак. Муну терең түшүнгөн Өзбекстан кээ бир маселелер боюнча Кыргызстан менен кайым айтышууга барбай турат. Президент Шавкат Мирзияев чек ара боюнча чечилбей жаткан көптөгөн көйгөйлөрдү ыкчам чечүүгө аракет кылууда.

Кытай Орусия, Казактан, Монголия, Вьетнам, Түндүк Корея менен темир жолу менен байланышат. Казактанга Ланчьчжоу –Синьцзян темир жолу менен байланышат. Бул аркылуу Ооганстан кошулганын айттык.

Орусияга Манжур-Байкал алдындагы темир жолу, Суйфэньхэ - Ыраакы Чыгыш темир жолу, Хуньчун - Камышовка (Приморск крайы) темир жолу бар.Курулуп жаткан темир жолдору Мишандан Хабаровскиге, Тунцзяндан Амурга .

Кытай Кашкар аркылуу Кыргыз-Кытай-Өзбек темир жолунун салынышына кызыкдар. Учурда Кытай дүйнөдөгү экономикалык жактан эң күчтүү мамлекетке айланып калды. Анын товарлары  ушул темир жол аркылуу нечендеген жолдорду кыскартып, Европага өтүп турушу керек. Бул темир жол Кытай мамлекетине кошумча экспорттор үчүн жол ачат. Ошондой эле артта калып бара жаткан, сепаратисттик сезимдерге чуулганган СУАРдын өнүгүшүнө шарт түзөт.

Учурда бул жерде мунайзаттын айтып түгөткүз кени ачылды, ушул жерден пахтанын көпчүлүгү алынат. Кытайдын экономикасынын өнүгүшү  үчүн бул темир жолдун пайдасы зор. Бул темир жолдун курулушуна Бээжиндин экономикалык кызыкчылыгы бар. Кытайдын ШКУ саммитинин алкагында Өзбекстан менен Кыргызстанды инвестициялап жатканы ушул темир жолдун тезирээк курулушу болуп жүрбөсүн?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости