www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Самат Курманкулов сүйлөп калды

Кой-Таштагы окуяда башына таш тийип, оор жаракат алган Чүй ОИИББинин башчысы Самат Курманкулов өзүнө келип, сүйлөй баштады. Бул тууралуу ИИМдин медицина кызматынын башчысы Нурдин Метеров Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында билдирди.

Айтымында, Самат Курманкуловдун колу, буттары кыймылга келе баштаган. Ал сүйлөй алганы менен толук калыбына келе элек. Ошондой эле, ал өзү да Курманкулов менен сүйлөшкөнүн билдирди.

Эске салсак, 7-8-августта, Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында, Самат Курманкуловдун башына таш тийип, оор жаракат алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости