www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Samsung Кытайда уюлдук телефон чыгаруусун токтотууну чечти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, буга смартфондорду чыгарган жергиликтүү өндүрүш менен болгон атаандаштыктын күчөшү жана Кытайдагы экономикалык каатчылык себеп болгон. 2018-жылы корпорация смартфондорду өндүрүүчү Кытайдагы бүт заводдорун жаап, Гуандун провинциясындагы Хойчжоу шаарында жайгашкан гана заводу иштеп жаткан.

Мартта Sony корпорациясы да Кытайда өндүрүшүн токтотконун билдирген. Компания смартфондорун Таиландда гана чыгарууну пландап жатат. Ошондой эле, Apple компаниясы да өндүрүшүнүн 15-30 пайызын Кытайдан Тайванга көчүрүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости