www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Октябрдагы батышчылдар сүрөгөн башаламандыктан пайдаланып Алмазбек Атамбаев баш болгон бир топ саясатчылар эркиндикке чыгышып, бийлик үчүн башмалдак атышкан. Аларды колдоп чыккан Өмүрбек Бабанов баш болгон арам тамактар 2020-жылы 8-октябрда түнү боюу бийликти бөлүштүрүп, таң ата 9-октябрда алакандарын ушалап, Ак үйдү көздөй аттанышкан. Арийне, жаалы келген кыргыздар Ак үйгө жакын жолотпой кууп чыгышкан. Атамбаевди баш кылып кайрадан ордуларына отургузган. Сапар Исаков мыйзамга баш ийбей «буйт» коюп, Газпромдун лидери, жаш кезинде Ленинграддын шайкасынын атаманынын «кассири» Миллердин жардамы менен Кант шаарындагы орус авиабазасынан Орусияга кире качкан. Качкандардын арасында акчаны көргөндө эки көзү кызарган Албек Ибраимов деген шүмшүк миллионер жашынып жүрөт. Түрмөдөн эбин таап бошонгондордун арасында мурунку Атамбаевдик өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев да бар.

СДПК көмүлбөй өлгөнбү?

СДПК көмүлбөй эле өлгөн. Сөөктөрү туш-тарапка тарап, ар кайсы партияны чиритип жүрөт. Экс-президент Атамбаев СДПК партиясынан жана анын клондору болгон башка партиялардан депутат болуп келген парламентке «чимкириктер» - деген көрүнүктүү наам берген. Анын жинденип «П» тамгасын жыга чаап СДК партиясын түзгөн. СДПК партиясы сыяктуу СДК партиясы саясаттан сүрүлүп, ара жолдо жүрөт. 2020-жылдын 4-октябрында миллиондорду чачкан СДК партиясы парламентке өтпөй калып, аябагандай жеңилүү ызасын тартып, АКШнын жардамы менен башаламандык уюштуруп, лидери Атамбаевге эркиндик алып берген. Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо 10 миллион 262 миң сом короткон “Кыргызстан социал-демократтары” шаардык кеңешке кирүү үчүн зарыл болгон 7% добуш топтой алышкан жок...

Көрсө, мурунку президенттин уулдары – Сейид, Кадырбек, ошондой эле аларга кошулган Темирлан Султанбеков өткөн жылы жеңил ойго жетеленишип кайрымдуулук менен Атамбаевдин акчасын сапырып «шоу» уюштурушкан. Алар психиатриялык ооруканада жаткан балдарга жардам алып келишип, ал жердеги бейтаптар менен камерага кучакташып сүрөткө түшүп, же болбосо «саясий туткундарга» алыс эмес жерлерде өткөрүп берүү үчүн самса бышырышат. Болуп өткөн шайлоолордо буларга Равшан Жээнбековдун, Анвар Артыковдун жана Атамбаевдин башкы коргоочусу Ирина Карамушкинанын колдоосу таасир эткен жок. Өзгөчө Карамушкинанын оозунан төөнүн буурасынан атырылып чыккандай көбүк чыгып, өзүнүн башчысынын аппапак жана үлпүлдөп жибектей созулуп калгандыгын дагы деле болсо далилдөөгө аракет кылып жаткандыгы жаш саясатчыларга анчейин жардам берген жок. Ошондуктан булар Ак үйдүн алдына чейин митинг уюштурушуп, саясатка кайра чабуул коё башташты.

Шайлоолордо мурунку СДПК партиясындай биринчи мөөрөйдү алабыз дешип акчаларды самандай сапырышып, ибулар жутунушуп келишет. Социал-демократтар шайлоо жарышы үчүн мынча миллионду кайдан тапты? Атамбаевдин үй-бүлөсү атасы камакка алынгандан кийин, оокатсыз ачка калышканын бир нече жолу айткан. 2019-жылы Раиса Атамбаева журналисттерге үй-бүлөдө «бир дагы турак үй жок» деп нааразы болгон. Балким чын эле свалкада таштанды издеген үйү жок БОМЖдар сыяктуу болуп калгандыр? Анткени, мульти-миллиардердин миллиарддарын катып элге эч нерсебиз жок деп жакшы көрүнүш керек эле да. Акчасы жок байкуштар ушул жазда Атамбаев Кадырбектин жалгыз элиталык квартирасын сатып жиберишти. Анан эмне кылат, ачкадан өлүшөбү? Ресторанга барып кымбат баалуу тамактардан ичип көнүп калышкан булар ушул жылдын март айында Казакстандын ЖМКларына берген маегинде мурунку президенттин үй-бүлөсү бир нече жылдан бери аларды атасынын туугандары жана жакындары материалдык жактан колдоп, тамак берип келатышканын айтышкан. Раиса Атамбаева кошумчалагандай, ал кичүү уулу менен туугандарынын үйүндө жашайт. Кыймылсыз мүлк, автоунаалар жана банк эсептеринен тышкары, анын айлыгы камакка алынган. Таксиге акчасы жетпей, коомдук транспортто жүргөн учурлары болгон.Эмне экен коомдук транспортто жүрүшсө, элдин бары эле ошентип эле жашап келатышат. Ал эмес Атамбаевдин президенттик убагында коомдук транспорт жол кирени 8 сомго көтөрүп жиберишип, ага түшкөнгшө акча таппай калышкан.

Бишкектеги шайлоого Атамбаевдин уулдары партиянын алдыңкы тизмесине кирген талапкерлерден чогултуп алышкандыр. Баса, партияны жетектеген Кадырбек Атамбаевдин артынан «Альфа» курулуш компаниясынын башчысы Рустам Джон келди. Тизмеге БГКнын депутаты Увазарбек Адылбеков дагы кирген. Бирок, меценаттын жардамысыз (темир тор артында отурган адам болсо дагы), ал аткарылган жок.

«Социал-демократтар» шайлоочулардын колдоосун ала албаса, анда маселени чечүүнүн эки жолу бар экендигин түшүнүшү керек. Биринчиси, шайлоочулар менен маал-маалы менен эмес, туруктуу иштөө аркылуу саясий потенциалды арттыруу. Экинчиси, саясий аренадан татыктуу кетүү. Экинчисин акыркы шайлоонун жыйынтыгы ачык-айкын көрсөтүп жатат – 5,5 пайыз добуш. Канча акча чачышса да аз добуш алышты. Бул жолу партиянын саясий флагманы да чөгүп баратат. Атамбаевдин заманы өтүп, аны колдогондор жок экенин эл далилдеп берди.

Сапар Исаковду Орусияга алып кеткен Миллер ким?

Күзүндө боло турган парламенттик шайлоодо Кремлде баш калкалап жүргөн Сапар Исаков маркум СДПКны эмес, СДКны колдоо үчүн кам көрүп жүрөт. Сапар Исаков мыйзамга баш ийбей «буйт» коюп, мыйзамды да уруп ойнобой, Газпромдун лидери, жаш кезинде Ленинграддын шайкасынын атаманынын «кассири» Миллердин жардамы менен Кант шаарындагы орус авиабазасынан Орусияга кире качкан. Орусияга теңелип айланабызбы, бирок сөз кылып койсок болот. Кантсе да учурунда бир мамлекет эмес белек. Миллердин «Газпром» менен кошуп алгандагы бюджети жалпы Кыргызстандын бюджетинен көп экени белгилүү. Чет мамлекеттик «Вашингтон пост» гезитинин жазганына караганда Миллердин айлык маянасы 17 миллион рубль. 2013-жылы Миллер «Кыргызгазга» көз арта баштайт. Кыргызстандан Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан сыяктуу газ деле чыкпайт. Түркмөнстан 2009-жылдан баштап Орусияга газды бергенди токтотуп Иран аркылуу кете турган башка газ кууру аркалуу чет мамлекетке чыгарып жатат, Өзбекстан менен Казакстан «Газпромго» газын беришет. «Кыргызгаз» «Газпромго» символикалуу 1 сомго сатылган. Андан көрө кыргыздар акчага тойгонбуз бекер эле беребиз деп коюшса болмок. «Газпром» «Кыргызгазды» алган соң бир топ аймактарга газ кийиребиз деген милдеттенмелерин алган. Анын ичинде Чүйдүн түштүгүн газ менен камсыз кылуу милдети бар эле. Билим берүүгө салым кошолу деген. «Газпром» акыркы замандагы мектеп курду, бирок анын кымбаттыгынан улам акчасы чамалуу кыргыздар чыдай алышпайт. Ушуларды эске алып 2013-жылы парламенттин бийик трибунасынан Ахматбек мырза Атамбаевдин арамзалык пландарынын бетин ачкан. Анын акыйкатты ачканы үчүн Атамбаев артынан сая түшүп, 2013-жылы ноябрда жалган жалаа менен каматып, артынан өзүнө тиешелүү маалымат каражаттары менен шыбаткан. Аны Мелис Мырзакматов баш болгон Ош шаары дүрбөп колдоп чыккан, ошону менен Аалы Карашев, Тайырбек Сарпашев сыяктуу десанттар Ошко келишип Мырзакматовдун өзүн кубалап түшүп, куугунтукташкан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости