www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеңиш иним, акыйкатсыз, арам дүнүйөгө азгырылган, адамдардын айынан камакта отурат. Мындай пикирди камактагы саясатчы Жеңиш Молдокматовдун бир тууган эжеси Айгүл Молдокматова социалдык баракчасына жазды.  

“Бүгүн Атакемдин туулган күнү! Аттиң арман, атам тирүү болгондо бүгүн 74 жашка толмок. Мындан 29 жыл мурда кырчындай 45 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Алты бала менен жесир калган апабыз алтообузга тең татыктуу таалим тарбия,билим берди.

Аз жашап өтсөңүз да, агартуу тармагында көөнөрбөс из калтырдыңыз атакем.

Сиздердей билими күчтүү, адамдык сапаты эң бийик, мыкты адамдардын үй-бүлөөсүндө туулганыбыз биз үчүн чоң сыймык!

Атаке бизге берген тарбияңызда: билимге сугарылып,адал иштеп, ак болгула деген ар бир акыл насаатыңыз ар бирибиздин көөдөнүбүздө бекем орногон! Балдарыңыз бүгүнкү күндө эненин күчтүү, мыкты тарбиясы менен эл кызматында.

Өкүнүчтүүсү уулуңуз Жеңиш, бир боорум иним акыйкатсыз адамдардын аркасында саясий куугунтукка кабылып, абакта отурат.

Уулуңуз Жеңиш эл үчүн, жер үчүн жанын аябаган, ак сүйлөп, адал иштөөдөн тартынбаган, чыркыраган чындыкты бетке айткандан тайманбаган, эл башына мүшкүл түшкөндө аянбаган ак ниет уул болуп эсейди. Тилекке каршы акыйкатсыз, арам дүнүйөгө азгырылган, адамдардын аркасында камакта отурат.

Арбагыңыз козголуп тургандыр атаке, түбөлүк бейиште тынч уктаңыз берекем! Уулуңуз чындык үчүн, акыйкаттык үчүн отурат!!! Жеңишим азатка чыгаар күн саналуу гана.

Ак ийилет, бирок сынбайт!!!

Энелердин жүрөгү тилинип, көз жашы эч качан адилетсиздик үчүн акпасын!!!

Кыргыз жергемде арам тамактардан арылып, чыныгы адилеттүү, ак ниет адамдардын күчү менен келечек муундар үчүн күчтүү мамлекет орнойт деген чоң тилек үмүтүбүз зор!”, - деп жазган саясатчынын эжеси.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости