www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2017-жыл 29-мартта Кыргыз Республикасынын Аппарат жетекчиси Сапар Исаков Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы мурдагы соода өкүлү, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармасынын мурдагы орун басары В.А. Некрасовду анын Кыргызстандагы ишмердигинин аякташына байланыштуу кабыл алды.

Жолугушууда Сапар Исаков Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыӊдоо боюнча жемиштүү иши үчүн В.А. Некрасовго ыраазылык билдирди. Атап айтканда,  КР Президентинин Аппарат жетекчиси анын тикелей катышуусу менен эки өлкөнүн бизнес-чөйрөлөрүнүн ортосунда байланыштар калыптанганын, россиялык кыйла инвестициялар Кыргызстандын экономикасына тартылганын, андан тышкары Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду өз ишин баштаганын белгиледи.

Жолугушуу аягында Сапар Исаков В.А. Некрасовго жаңы кызматында үзүрлүү иштешин каалады.

Булак: президент.кж

Последние новости