www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотундагы өндүрүшкө катышуудан баш тартып, бүгүнкү отурумга катышкан жок. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

"Сапар Исаков №1 тергөө абагына которулаары менен Биринчи май райондук сотунун судьясына ишти ансыз эле карай берүүсүн билдирип, арыз жазган", — деп айтылат ЖАМКтын билдирүүсүндө.

Ал эми Биринчи май райондук сотунан отурум кийинкиге жылдырылганын билдиришти.

"Тарых музейин реконструкциялоодогу коррупциялык кылмыштарга айыптоо боюнча жазык иши каралууда. Айыпталуучу Сапар Исаковдун келбегендигине байланыштуу соттук териштирүү 19-майга жылдырылды", — деп айтылат соттун маалыматында.

Эске салсак, апрель айында мурдагы премьер-министр №1 тергөө абагынан Петровка айылындагы №8 түзөтүүчү колонияга которулган. Ал эми 12-май күнү ал кайрадан мурда жаза өтөгөн абакка кайтарылганы айтылган.

Булак: NazarNews.org

Последние новости