www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Cаламатсызбы Урмат мырза, Теңир Тоодон кандай кабар алып келдиңиз?

--Коронавирустун башталышы Кыргызстанга өтө эле оор болду. Бул илдетке ишенгендер дагы ишенбегендер дагы болуп жатат. Мени өкүндүргөнү Кыргыз Өкмөтү өлкөгө келген оор кырдаалга даяр эмес экендигин көрсөтүп койду. Албетте, бул жерде жалгыз эле Өкмөттү күнөөлүгүм келбейт. Бул кырдаалга дагы Жогорку Кеңештин толугу менен күнөөсү бар. Кадрды тандоодо Жогорку Кеңеш партия, партия болуп, облус, районду баштууларды эмес акчалууларды тандап, кадр маселесин сазга тыкты. Алардын күнөөсү опол тоодой экенин так ушул иштин көзүн билбегендигинен мамлекеттин тагдыры талкаланып жаткандыгынан байкоого болот. Ага далил катары жергем Нарын болгон Теңир Тоо элине дагы КОВИД-19 оорусу бүгүнкү күндө азайбай көбөйүп жаткандыгы абдан өкүндүрөт. Тилекке каршы буга чейин алдын-ала айтылган кемчилдиктерди бийлик эске алган жок.  Ошол эле учурда Нарын облусундагы шалаакылыкка жол берген “Кыргызстан” партиясынын депутаты Шаршенбек Абдукеримовдун ишеничтүү кадры, Нарындын мэри Нурбек Молдокадыровдун күнөөсү чоң деп эсептеймин.

--Эмне себептен?

--Нарын шаарында учурда коронавирус менен ооругандардын саны күн санап өсүүдө. Бул ойлондура турган маселе. Анткени аталган оору менен ооруган милиция жана ак халатчандардын арасында көбөйгөнү кооптуу. Себеби жергиликтүү бийликте турган кызматкерлердин көпчүлүгү коронавирус менен ооруп, талап-тартипти так аткарбай элге жуктурган. Эми ошолорго атайын тийиштүү органдар мыйзам чегинде жоопко тартышы керек. Бул ооруу өтө кооптуу, дүйнө жүзүн коркунучка каптап тоң моюн Европаны бүтүндөй чөктүрдү. Ал тургай дүйнө жүзү агылып кирген Кааба аталган илдеттен айбыгып бүтүндөй мусулмандарга эшигин жапты. Демек, бул жерде кандайдыр бир мандем жатат, оорунун бар экени анык.

--Чын эле Нарын тарапта коронавирус илдети менен ооругандар барбы?

--Бул оору бар экенине толук ишенсе болот, бирок нарындыктар коронавирусту жөн гана катардагы илдет катары кабыл алып жатышат. Кыргызда, “ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат” дегендей Кудай сактасын чоң жоготуу болгондо эл ээгин тиштебесе болду. Чындыгын айтканда бул илдет кимдир бирөөлөргө өткөндү көбүрөөк эскертип өлүмдү ойлонтсо, кимдир бирөөлөр үчүн элдин чөнтөгүн кагып, байлык алып келди. Ошондуктан жалпы кыргыз элин сактанууга жана атайын эрежелерди колдонууга чакырат элем.

--Аталган оору чыккандан бери Теңир Тоолуктардын элинин абалы кандай?

--“Беш кол тең эмес”, абал ар кандай. Таң калычтуусу колунда бар, тың, оокаттуу жергиликтүү жарандарыбыз акысыз азык-түлүк алганга жан талашып жатышканына күбө болуп жакамды кармадым. Адамдар согуштан кийин деле ток пейилдик кылып, барына топук кылып жашаган, азыркы убакытта “ач тоёт, сук тойбойт” болуп бара жатабыз.

--Нарын облусуна дагы жардам бардыбы?

--Албетте, алсак “Исмаил ата” коомдук фондусу Нарын облусунун эң акыркы айылдарына чейин ун, деги койчу азык-түлүктөрдү жеткирип берди. Бул адамга улуу Рамазан айында жетим-жесирлердин, жакырлардын ыйлап туруп берген баталары кабыл болсун деп тилек кылат элемин. Райымбек Матраимовдой болуп Кыргызстандын баардык аймактарына жардам берген эч ким болгон жок. Ал эми Нарын облусуна жардам берген агабыз Нариман Түлеев дагы оор кырдаалда унчукпай карап турбастан колунан келген көмөгүн аяган жок. Нариман Түлеев менен Райымбек Матраимовго дагы элдин батасы тийип, эл сыйлаган, эл урматтаган инсандардан болсун!

Булак: NazarNews.org

Последние новости