www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйшөмбү күнү АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасына орус бийлиги тарабынан көз карандысыз журналисттерди, оппозиционерлерди, жарандык коом жана диний уюмдардын өкүлдөрүн куугунтуктоо үчүн түрмөгө камоону айыптаган мыйзам долбоору киргизилди. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.
Мыйзам долбоорунда Орусияда түрмөдө же үй камагында отурган 300дөй саясий туткун жөнүндө айтылып, алты кишинин: Алексей Пичугин, Игорь Рудников, Константин Котов, Анастасия Шевченко, Юрий Дмитриев жана Деннис Кристенсендин аты аталган. Резолюция Мамлекеттик департамент, ЕККУ, эл аралык уюмдар жана "Мемориал" коому чогулткан маалыматтарга негизделген.
Документте Орусия бийлигин "Мемориал" коому тарабынан саясий туткун деп таанылган кишилерди токтоосуз түрдө бошотуу чакырыгы камтылган. Америкалык мыйзам чыгаруучулар АКШнын мамлекеттик катчысы менен каржы министрине "Магнитский актысынын" алкагындагы ыйгарым укуктарын колдонуу менен куугунтуктоого катышы бар орус аткаминерлерине санкция салууну сунушташты.
"Владимир Путин эң эле корккон нерсе – бул чындык. Орусия президенти мыйзамды куугунтуктоо инструментине айлантып алды. Ал журналисттерди үн чыгарбоого мажбурлап, саясий атаандаштарын коркутууда... Биз, америкалыктар, үнү басылган кишилерди колдоо иретинде добушубузду чыгаруудан коркпошубуз керек ”, – деди конгрессмен Майкл Маккол.
Булак: NazarNews.org