www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маалыматка ылайык, мындан үч апта мурун Британияда коронавирус менен ооруган жүздөгөн адамдар ревматизмди дарылоочу тоцилизумаб дарысын алышкан.
Тоцилизумаб - иммундук системаны басаңдатуучу дары. Ал негизинен ревматоиддик артритти жана ювенилдүү идиопатиялык артритти дарылоодо колдонулат.
Калифорниядагы өпкө оорулары боюнча адис Имран Шариф тоцилизумаб дарысын коронавирус жуктуруп алган абалы оор бейтаптарга колдонгон. Анын айтымында, 72 сааттын ичинде бир бейтаптын абалы жакшырып, беш күндөн кийин жасалма дем алдыруучу аппараттан чыгарылган.
Изилдөөчүлөрдүн билдирүүсүнө караганда, тоцилизумаб дарысы цитокин бороонун азайтат, бул учурда организм вирус менен күрөшөт.
Булак: NazarNews.org