www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган, жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) пандемиясынан кийин аң-сезимдердин дагы кайрадан курулуу процессине кире турганын айтты. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышууда.
Маалыматка караганда, адилеттик жана өнүгүү партиясынын борбордук башкаруу кеңеши, президент жана АК Партиянын башкы жетекчиси Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде чогулган.
Белгилей кетек, жыйналыш, Covid-19 пандемиясына каршы көрүлгөн чаралардын алкагында видео конференция форматында өттөн.
Эрдоган Covid-19 чара көрүүлөрүнө токтолуп: "Пандемия менен күрөшүүбүздү ийгиликтүү улантуудабыз. Жаңы жуктуруп алгандардын саны, каза болгондордун саны, реанимациядагы жана дем алуу аппаратына байлангандардын саны жагынан оң багытта илгерилеп баратабыз.
Дүйнөдө бул илдеттин тамыры жулунмайынча тынымсыз даяр турууну улантышыбыз шарт болуп саналат.
Пандемиядан кийин бир гана глобалдык саясат жана экономикалык карым-катнаштар эмес, аң-сезимдер дагы кайрадан курулуу процессине кирет", - деген ал өз сөзүндө.
Булак: NazarNews.org