www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоо аяктап, өлкөдө ал-ахыбал тынчыгансып калды. Бир гана чамгарактаган Сапар Исаковдун амбициясы тынчыбай койду. Ал Орусияда чоң көлөмдөгү медициналык клиника куруп жиберди. Деги кимдин акчасына куруп жатат? Өзү качкын статусундагы «байкуштардын» бири болсо, каяктагы миллиондор?

Кремлде баш калкалап жүргөн Сапар Исаков маркум СДПКны эмес, СДКны колдоо үчүн кам көрүп жүрөт. Сапар Исаков мыйзамга баш ийбей «буйт» коюп, мыйзамды да уруп ойнобой, Газпромдун лидери, жаш кезинде Ленинград шайкасынын атаманынын «кассири» Миллердин жардамы менен Кант шаарындагы орус авиабазасынан Орусияга кире качкан.

Орусияга теңелип айланабызбы, бирок сөз кылып койсок болот. Кантсе да, учурунда бир мамлекет эмес белек. Миллердин “Газпром” менен кошуп алгандагы бюджети жалпы Кыргызстандын бюджетинен көп экени белгилүү. Чет мамлекеттик “Вашингтон пост” гезитинин жазганына караганда Миллердин, айлык маянасы 17 миллион рубль.

2013-жылы Миллер “Кыргызгазга” көз арта баштайт. Түркмөнстан, Өзбекстан же Казакстан сыяктуу Кыргызстанда газ деле чыкпайт. Түркмөнстан 2009-жылдан баштап Орусияга газ бергенди токтотуп, Иран аркылуу кете турган башка газ кууру аркалуу чет мамлекетке чыгарып жатат, Өзбекстан менен Казакстан газын “Газпромго” берет.

“Кыргызгаз” “Газпромго” 1 сомго сатылган. Андан көрө кыргыздар акчага тойгонбуз, бекер эле беребиз деп коюшса болмок. “Газпром” “Кыргызгазды” алган соң, бир топ аймактарга газ кийиребиз деген милдеттенме алган. Анын ичинде Чүйдүн түштүгүн газ менен камсыз кылуу милдети бар эле. Билим берүүгө салым кошолу деген.

“Газпром” акыркы замандагы мектеп курду, бирок анын кымбаттыгынан улам акчасы чамалуу кыргыздар чыдай албайт. Ушуларды эске алып 2013-жылы парламенттин бийик трибунасынан Акматбек мырза Атамбаевдин арамзалык пландарынын бетин ачкан. Аакыйкатты ачканы үчүн Атамбаев анын артынан сая түшүп, 2013-жылы ноябрда жалган жалаа менен каматып, артынан өзүнө тиешелүү маалымат каражаттары менен шыбаткан.

Мелис Мырзакматов баш болгон Ош шаары дүрбөп, аны колдоп чыккан, ошону менен Аалы Карашев, Тайырбек Сарпашев сыяктуу десанттар Ошко келип, Мырзакматовдун өзүн кубалап түшүп, куугунтуктаган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости