www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Майыптыгы бар 13 жаштагы кыздын зордукталганы тууралуу 2015-жылы белгилүү болгон. Бул тууралуу маалымат жыйында жактоочусу Чолпон Кудайбердиева билдирди.
Кылмыш 2013-жылдын сентябрында Сокулук районунда 16 жаштагы 2 жергиликтүү тургун тарабынан жасалган. Жабырлануучу кыздын апасы милиция кызматкерлерине 2015-жылы кайрылган. Бул окуя өспүрүм кыздын үй-бүлөсүнө 2 жылдан кийин гана белгилүү болгон.
Көчөдөн башка адамдар урушуп жатканын жакындарынын бири байкап калып, андан кийин туугандары кызга суроо узатып жатып бул иш ачыкка чыккан. Жактоочу Кудайбердиева белгилегендей, айыпталуучу тараптын өкүлдөрү жабырлануучу тарапка бир нече ирет акча сунушташкан. Бирок алар баш тартышкан.
Эске салсак, 13 жаштагы майып кыз 2013-жылы сентябрда зордукталган, анын апасы милицияга 2015-жылы июнь айында кайрылган. 2015-жылы сентябрда Сокулук РИИБ кылмыш ишин козгоп, 2 өспүрүмгө айып тагылган. Ошол учурда өспүрүмдөр 16 жашта болчу. Аларга өлкөдөн кетүүгө тыюу салынган.
Кылмыш иши тергөөдөгү кемчиликтерди жоюу үчүн кайра укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн. Кемчиликтер жоюлгандан кийин кылмыш иши 2018-жылы апрелде Сокулук райондук сотуна өткөрүлүп берилген.
2019-жылы апрелде райондук сот 2 өспүрүмдү күнөөлүү деп таап, бири 8 жылга, экинчиси 8 жыл 6 айга кесилген. Андан соң райондук соттун өкүмүнүн үстүнөн Жогорку сотко чейин даттанышкан. Ушул жылы февралда кылмыш иши Бишкек шаардык сотуна апелляциялык тартипте кароого жөнөтүлгөн.
13-июлда Бишкек шаардык соту айыпталуучуларды күнөөлүү деп тапты, бирок Кылмыш-жаза кодексинин (1997-жылдагы редакциясы) 67-беренесинин 7-пункту жана 88-беренесинин негизинде жазадан бошотту.
Ага жазага тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиги себеп болду. Анткени кылмыш жасалгандан кийин 9 жылдан ашуун убакыт өткөн.
Булак: NazarNews.kg