www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Күздө отүүчү шайлоого бийлик кимди сүйрөйт деген маселе коомчулукта актуалдуулугун жогото элек. Бирок бул маселе Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга келип кетиши менен ого бетер кызыды. Путиндин Сапар Исаковго болгон жылуу мамилеси, бийликтин анын шайлоодо мураскор катары чыгаарын айгинелеп койду дешүүдө. Оомат бир келет дегендей, күлүк табында кезинде чуркаш керек.
Демек Сапар мырзанын кел-кели келип турган чак. Саясаттагы кадамы айтылуу Медет Садыркуловдун жардамчысы болуп жүргөн кезинде башталганын көпчүлүк биле беришпейт. Садыркулов Бакиевдер колдуу болгондон кийин, Оксана Малеванная кызматка тарткан. Малеванная менен Садыркуловдун мамилеси ошол кезде баарына дайын болчу. Демек Медет мырза ишенген, келечегинен өптү үмүттөндүргөн жигиттин потенциалын Оксана туура баалап, колдоо кылса керек...
Исаковдун дараметин Аликбек Жекшенкулов дагы туура баамдап, тышкы иштер министри болуп турганда кызматка алып, карьералык жактан өсүшүнө түрткү берген...
Булак: “Фабула”