www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сауд Арабиянын башкаруучулары 2-октябрда Стамбулдагы Башкы консулдукка киргенден кийин дайыны чыкпай калган журналист Жемал Кашыкчынын консулдуктагы  араздашуулардын себебинен өлгөндүгүн жарыялады. Бул тууралуу Сауд Арабиянын расмий маалымат агенттиги SPA маалымат берди.                     

Сауд Арабиянын башкы прокурору бул окуя тууралуу териштирүүсүн улантып жатканын жана окуяга байланыштуу 18 Сауд Арабиянын  атуулу кармалганын маалымдады. Ошондой эле бул окуяга байланышы болгон бардык шектүүлөр кармалып,суракка алынып жоопко тартыла турганын жана мунун жыйынтыгы жарыялана турганын билдирди. 

Бир тараптан Сауд Арабия, президент Режеп Тайип Эрдогандын жетекчилигинде жүргүзүлгөн териштирүү иштерине өзгөчө маани бергендерин билдирди. Айрыкча Сауд Арабия Королдугунун токтому менен Сауд Арабиянын чалгындоо кызматынын төрагасы баш болгон 5 кишинин дагы кызматтан алынганын маалымдады.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости