www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет күчтүү болсо, эл башкарган төбөлдөр мамлекетчил, мекенчил болсо, өз өлкөсүнүн, өз улутунун кадыр-баркын, аброюн, беделин коргоп саясат жүргүзсө, башкалар дагы ошого карап түздөнөт.

Эгерде, бийлик сересиндегилер кайдыгер, түркөй болсо, жаманды коногу билет болгон, эшиктен кирип төр меники дегендер четтен чыгат. Буларга боло берет, буларда намыс, ар болбойт, эмне кааласак жасай беребиз, эч ким кыңк дебейт деген көз караш өкүм сүрүп, ал түгүл адатка айланат. 

Ошондуктан, өлкөнүн, кыргыз улутунун бедели, намысы, кадыры өлчөнгөн маселеге кайдыгер карабай, олуттуу көңүл буруу маанилүү...

Мына Бишкектеги Фрунзе-Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Сауд Арабия Падышагылыгынын  Кыргызстандагы элчилиги бир канча жылдан бери Кыргыз Республикасынын желеги жок, илбейт. Өздөрүнүн гана желеги турат. Эл аралык стандарттарга ылайык элчилик кайсы өлкөдө жайгашса, ошол өлкөнүн дагы желеги илинип турууга тийиш. Бул дипломатиялык мамилени, сыйды туюндурат. Бул майда сезилген менен өтө маанилүү жагдай. 

Сауд Арабиясына мунун баары бир тыйын окшойт... Мындай Кыргыз өлкөсүн сыйлабастыкка, тоготпостукка Тышкы иштер министрлиги деле көңүл буруп, маани бербегени өкүндүрөт. Кыргыздын түбүнө кенебестик, 
кайдыгерлик жетет. Өзүбүздү өзүбүз сыйлабасак, бөтөн бирөө сыйламак беле? Кептин баары өзүбүздө. Ошол үчүн жаманды коногу бийлейт болгон көрүнүштөр өкүм сүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости