www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Штирлиц»

Азизбек Турсунбаев

Штирлицтин кадамы менен жүргөн, тиш догдур Азизбек Турсунбаев «медсестра» катары ишин баштаган. 2005-жылы үчүнчү чакырылыштагы парламентке депутат болуп келип Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Сооронбай Жээнбеков, Карганбек Самаковдор менен бирге отурган. 2007-жылы «Ак-Жол» партиясынын тизмеси менен кайрадан депутат болуп келип, 2008-жылдын 26-майынан «Ак Жол» фракциясынын жетекчиси, ошол эле жылы вице-спикер. Эң бай адамдардын тизмесинде, апрель революциясынан соң Бабановдун «Республика» партиясын колдогон. 2011-2012-жылдары Жалал-Абад облусунун губернатору. Шаршенбек Абдыкеримовдун «Кыргызстан» партиясынын мүчөсү катары 2015-2021 жылдары парламентке депутат. 2020-жылдын 19 августунда уш  партиянын тизмесине № 5 болуп курултайда шайланып, шайлоодо жеңишке жетишкен, бирок шайлоо жарабай калды. 2021-жылда болгон шайлоодо Ала-Бука округунан депутат болуп шайланды. Жылуулук-энергетика комплекси жана кендер боюнча комитеттин төрагасы.

«Людоед»

Айбек Осмонов

Кыргыздын карапайым аялзаты Кара-Суу районунан өзүнө үлүш жер сатып алат, андан бери жерге болгон баа өсүп жатканы белгилүү, ушул сатып алган үлүш жерин  ИЖС тарабынан трансформациялап, ал жерге курулуш иштерин баштайт. Арийне, бул жерде да таасирлүү адамдар пайда болушуп бул жерди карапайым жарандар менен айыл өкмөтүн салышып кайтарып алууну көздөйт. Мамлекеттик регистр  жашап жаткан адамдардын жашыл китептерин, документтерин чогултуп алып, жок кылып жиберет. Бул жерге мыйзамсыз салынып калганын шылтоолоп Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү бул жерде курулган үйлөрдү караңгыга жамынып  сүздүрүп салышат. Кара-Суу районунда, мамлекеттин ичинде өзүнчө мамлекеттир, ошол үчүн муну көздөгөн Амир палван деген Айбек Осмоновдун «киши жегичи». аны төбөдө Айбек Осмонов деген депутат башкарып турат. А балким бул депутаттын да ушул жер үлүштөрүнө тиешеси бардыр? Мындай зөөкүрлөрдү пайдаланыш, аларга каалаган мамлекеттик ишканаларга жол ачып бериш бардыгынын эле колунан келе бербейт. Эмне үчүн ал жер бардакка айланып, бул жерде маалыматтарды тескери буруп каалаган иштерин жасап жатышат, ал эмес кимдир бирөөлөрдүн мурдун каңтара койгондон кайра тартышпайт.

«Сексалю»

Тазабек Икрамов

«Сексалю» депутат Икрамов Тазабек сабатсыздыгынан улам алтынчы парламентти «чимкирик» парламент деген атка алып келген. 2015-жылы «Өнүгүү –Прогресс» партиясынан шайлоо «рингине» жол ачкан Стамкулов Тазабек Икрамов деп өзгөрүлүп алган. Жалал-Абад облусунда Сузак районунда «Өнүгүү –Прогресс» партиясынын өкүлү Тазабек Икрамов (мурунку фамилиясы  Стамкулов) баштаган топ 2015-жылдын 5-августунда «Бир бол» партиясынын өкүлүнө кол салган. Албетте, күч органдары «Өнүгүү –Прогресс» партиясын калкалап, байкоочу катары унчукпай калган. Тазабек Стамкулов (Икрамов) Сузак районунда 1974-жылы туулган. Ал 2009-жылы ЖКнын СДПК фракциясынын депутаты Жээнбеков Жусупжан Амиржановичтин уулун уурдап барып, көзүн тазалаган иш боюнча күнөөлөнгөн. ЖК депутаттары СДПКчы Руслан Шаботоев менен кошо СДПКчы Жусупжан Жээнбековдун уулу 2008-жылы сентябрда жок болуп кетип, 2009-жылы анын сөөөгүнүн калдыктары Кеминден табылган. Милиция тарабынан Амиражановдун өлүмү боюнча күнөөлүүлөр Зикирбаевдин тобундагы 3 адам табылып. Андан соң ММКларда бул өлүмдү заказ кылган Тазабек Стамкулов экени белгилүү болгон. Ички иштер министрлиги тастыктагандай Тазабек Стамкулов криминал дүйнөсүндө белгилүү УКТ (ОПГ) мүчөсү болсо, бир тууганы Кумарбек Стамкулов «Замандаш» партиясынын тең төрагасы болгон. «Өнүгүү –Прогресс» партиясына оогон Тазабек Стамкулов шайлоо мушташын ачып берди. Төпөштөлүү кезеги кимде болду экен?

Андан соң жөн калбай «Ата-Журт» партиясы менен жакалаша кетип, РАЖ фракциясынын теңтөрагасы Ташиевди баса жыгылган. Ошол кармашта БШК Ташиевге каршы иштеп Ташиевди депутатка талапкер катары полномочиесин жокко чыгарган.

«Буксир»

Султанбай Айжигитов

Мурун Баткен облусунда губернатор болуп келген, ошол үчүн тажик чырын кеңири түшүнүп, ушул иш үчүн дайым буксирде жүрөт. Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов менен айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шериповдун ортосунда чыр чыкты. Депутат Нурлан Шериповдун айыл чарба маселесинде компетенттүү эместигин белгиледи: «15 мүнөт бою ал экзамендеги начар студенттей суроого жооп бере албай жатат. Ал демагогия менен алектенет, айтсаң таарынат. Билбесең жөн эле мойнуңа ал. Бул жерде айыл чарбасы менен алектенген адамдар отурат. Бизге компетенттүү адам керек. Ал (Нурлан Шерипов – болжол менен) парламентке келип, депутаттардын кыжырын келтирбесин. Өздөрү туңгуюкка кептелгени ас келгенсип, бизди да туюкка айдап жатышат», – деп ачууланды Султанбай Айжигитов.

«Даараткана»

Бахтыяр Алиев

Айлык эмес, байлыкты ойлогон, КТРКдан Соцфондго секирген Бахтыяр Алиев туалеттен эч бир акчасын аябайт. Балким туалеттерден өөнөп жаткандыр. Алсак Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда 1 500 000 сомго туалет салынды. Депутат Алишер Эрбаев Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып чала-була ыйлап да жиберди. Туалеттерди Соцфонд салганын айткан Эрбаев: “Эсептөө палатасынан атайын адистер барып, 2 жума жатаканадан чыкпай жаткан. Соцфонддун кызматкерлери кеткен чыгымды өздөрү аныктап, жазып беришиптир” - деди. Өткөн жылдын декабрь айында Чүй облусунун Сокулук районундагы айылдардын биринде 2 миллион сомго даараткана салынган. Мектепке салынган даараткана элдин талкуусуна түшүп, жыйынтыгында райондук акимдин орун басары кызматынан алынган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости