www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде - Эл аралык космонавтика күнүндө россиялык сыноочу-космонавт Сергей Корсаков менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Сергей Корсаков 1984-жылы Фрунзе шаарында туулган, борбор калаадагы №24 А.Токомбаев атындагы мектепте окуган. Ал убагында «Союз МС-21» космос кораблинин бортунан кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен, бишкектиктерди Шаар күнү менен куттуктаган.

Мамлекет башчысы Сергей Корсаковду жылуу тосуп алып, кесиптик майрамы - Эл аралык космонавтика күнү менен куттуктады.

Ал атактуу мекендештерин алар үчүн жакын болгон, туулуп-өскөн кичи мекенинде - Кыргызстанда дайыма кубануу менен тосуп аларын белгиледи.

Садыр Жапаров Мамлекет башчысы катары мекендештерди ар тараптан колдоого жана аларга дем берүүгө даяр экенин баса белгиледи.

«Албетте, азыр кандай экенин билбейм, бирок биздин учурда ар бир экинчи бала космонавт болууну кыялданчу. Менимче, сиз да ошолордун арасында болгонсуз. Бактыга жараша, Сиздин кыялыңыз орундалды. Ааламдын бардык кооздуктарына суктануу жана космос мейкиндигин изилдөө мүмкүнчүлүгүңүздүн узак мөөнөттүү жана оңтойлуу болушун каалайм», - деп кошумчалады мамлекет башчысы.

Өз кезегинде космонавт Сергей Корсаков президентке жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ал үчүн дагы бир жолу туулуп-өскөн Бишкек шаарында болуу чоң сыймык жана кубаныч экенин белгиледи.

«Кыргызстан менин жүрөгүмдө өзгөчө орунду ээлейт, анткени менин балалыгым, өспүрүм чагым ушул жерде өттү. Кыргызстанда мен билим алдым, менин мүнөзүм ушул жерде калыптанган, тагыраак айтканда, менин карьерама өжөрлүгүм жана тырышчаактыгым таасирин тийгизди», - деди космонавт.

Ал бардык чектөөлөргө карабастан, Эл аралык космос станциясынын бортуна жеке буюмдары менен кошо Кыргызстандын жана туулуп-өскөн Бишкек шаарынын желектерин ала кеткенин айтып берди.

Сергей Корсаков мамлекет башчысына 2022-жылдын 18-мартында «Союз МС-21» космостук кемеси тарабынан алынып келинген жана 2022-жылдын 29-сентябрына чейин экспедицияны коштоп жүргөн, анын тумары болгондугун тастыктаган, Эл аралык космос станциясынын штампы басылган Кыргызстандын желегин тартуу кылды. Мындан тышкары, космонавт космостон тартылган, анын ичинде Ысык-Көлдүн сүрөттөрүн тапшырды.

Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров Сергей Корсаковду жана анын кесиптештерин Ысык-Көлдүн жээгинде эс алууга, Юрий Гагарин учкандан кийин ден соолугун калыбына келтирген жерлерге барууга чакырды. Ал ошондой эле космонавтка мындан аркы ийгиликтерди каалап, эстеликке белектерди тапшырды.

Последние новости