www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин координатору Мамбетжунус Абылов жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаева үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди бүгүн, 12-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.

«Сот ден соолукка байланыштуу баш коргоо чараны өзгөртүп, үй камагына чыгарды», — деди Мамбетжунус Абылов.

Ал эми, жактоочу Чынара Жакупбекова Асия Сасыкбаеванын ден соолугуна байланыштуу бошотулганын билдирди. Сот акыры айыпталуучунун жашын да эске алган. 

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын баш коргоо чарасы каралып жатат. Буга чейин Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова үй камагына чыгарылганы маалым болгон.

Эске салсак, 30га жакын саясатчы, активист жана блогерлер Кемпир-Абад иши боюнча 23-октябрда кармалган. Аларга ички иштер министрлиги «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости