www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тыныбекова Азия чемпионатынын финалына чыкты

Бүгүн, 12-апрелде Астанада өтүп жаткан Азия чемпионатында кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) финалга чыкты. 

Ал чейрек финалдагы биринчи беттешинде өзбекстандык Дилфуза Айымбетова менен күрөштү. Тыныбекова беттештин биринчи бөлүгүндө 13 секунд ичинде атаандашынын далысын жерге басып, таза жеңишке жетти.

Жарым финалда Тыныбекова япониялык Нонока Озаки менен күч сынашты. Беттеш 2:2 эсебинде жыйынтыкталды. Айсулуу Тыныбекова беттештин жүрүшүндө 2 баллдык ыкма жасап, упай алгандыктан, жеңиш ага берилди.

Эскерте кетсек, Нонока Озаки Айсулуу Тыныбекованын «эзелки» атаандашы болуп саналат. Былтыр Тыныбекова ага эки ири мелдеште жеңилип калган. Биринчисинде Азия чемпионатынын финалында, экинчисинде дүйнө чемпионатынын жарым финалында утулган.

Последние новости