www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көптөгөн ишкерлердин 30 млн.доллардан ашык акчасын бербей жүргөн сдпкчы экс-депутат Самат Ибраев башында турган топ ар бийликтин тилин таап, элге акчасын кайтарбай келет. Бул акчаны алып берүүдө толтура факттарга карабастан коопсуздук кызматкерлери «алсыз» бойдон калышууда.

Спикер Дастан Жумабековдун учурунда парламентти мыкчып турган Самат Ибраев. Спикер анын «тилине» кирип, элдин кыжырын кайнаткан болчу. Азыр бийликтен кетишкен, Самат Ибраевдин «тилине» көнгөндүгү үчүн жооп берер кез келди.

Коопсуздук органдарынын Самат Ибраевге алы жетпей жатканы көптөгөн суроолорду туудурууда. Аны Дастан Жумабековдукундай оор тагдыр күтүп турган болсо эч таңкалууга болбойт. Учурда жабыркоочулар аянтта митинг өткөрүүнү пландап жатканы тууралуу кабарлашууда.

Эч бир мыйзам иштебесе эл өзү билгендей кылып чечип албай акчасын төлөп койсо дурус болмок. Самат Ибраевдин уюшкан тобу мыйзамга жооп берип 30 млн.доллардан ашык акчасын берип коюш керек. Ишенчээк адамдарга берер кеңешибиз дагы шайлоо келатат, Самат Ибраевге алданып калгандай алданып калбагыла.

«Чимкирик»  парламенттин атка минери  Самат Ибраев мурда үй-бүлөсү менен менен «Иегова күбөлөрү» деген сектада жүргөн. Кийин Атамбаевдер бийликке келгенде намаз окуп, «Саякбай», «Легенды» деген кино тартып, бийликке жакындаган. Атамбаевдин бийликте таасири түшкөн соң Дастан Жумабековго жата парламенттин аппарат жетекчиси болгон Самат Ибраев кыйратып деле ийген жок, жата калып жерди жалап «Манас» эпостун аркасы менен чамгарактап байып алган.

Атасы баатырдык деле кылган эмес, угушубузга караганда анын аркы дүйнөгө кетишине баласынын эмгеги бар окшойт. Бул чиниш болор менен  мектепке атасынын атын койдурам деп, муштуму менен жер сабап жүрдү.

Баласы 500 миллион сомго арзан темир берем деп аферисттик кылып, качкан бойдон дүүлүгүп барып, из жашырып Болгариядан колго түшүп, ал жактан баш калкалоо сурап жүрөт. Бийлик алмашканда бир заматта сатып, Садыр Жапаровго жагына албай жүрөт. Самат Ибраев жагыныш үчүн соодалашканы президентке талапкер.

Элдин суу ичкен түтүгүнө туалеттинен чыккан заңдарды кошуп койгон парламенттин аппарат жетекчиси бар эле, Кутушев деген, бул ачендик Воронцовкадагы дачасындагы туалетинин түтүгүн эл суу ичкен канализацияга кошуп коюптур.

Бул жыргап чычып отурсун, анын бок-сагын эл ичсинби? Эптеп айдап жиберишти, кызматынан да кеткен. Андан кийин парламенттин аппарат жетекчиси болгон Самат Ибраев кыйратып деле ийген жок, «Манас» эпостун аркасы менен чамгарактап байып алган.

Атасы баатырдык деле кылган эмес, угушубузга караганда анын аркы дүйнөгө кетишине баласынын эмгеги бар окшойт. Бул чиниш болор менен  мектепке атасынын атын койдурам деп, муштуму менен жер сабап жүрдү.

Баласы 500 миллион сомду ашап жиберип, качкан бойдон дүүлүгүп барып, Болгариядан колго түшкөн. Самат Ибраев аны сактоо үчүн соодалашканы президентке талапкер болгон. Бирок кол чогулта албай арабөк орто жолдо калды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости