www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда туулган 24 жаштагы Марсел Нурланбек уулу аралаш мушташ боюнча Hardcore Fighting Championship уюмунун турнирине катышкан.

Кыргызстандык спортчу 21 жаштагы россиялык Григорий Беляев менен кармашкан. Натыйжада атаандашын экинчи раундда колду кайруу ыкмасы менен утуп алган.

Жеңишинен кийин ага микрофон сунушканда кыргыз мушкери спорттук уюмдун ага бере турчу гонорарынын жарымын Карате каймана аты менен таанымал Камил Хасанов аттуу тажикстандык мушкерге берүүнү суранган. Бул анын ооруп жаткан апасына берген жардамы экенин айткан. Видеодон анын жанында турган уюмдун өкүлдөрү, алып баруучу жана залдагы отурган күйөрмандар бул билдирүүнү кубаттап, ыраазычылык менен кабыл алганын көрүүгө болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости