www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Президентти алсыратуунун бирден бир жолу Зулушев менен Ташиевди чабыштыруу бирок, алар чабышпайт”, - деди бүгүн, 12-февралда NazarNews маалымат агенттигине журналист Калдарбек Койлубайтегин.

- Калдарбек ага, Кыргызстанда акылдуусынган диван эксперттер көбөйүп кетти? Бул көрүнүш чыныгы саясатчылардын аздыганбы же элдин көбү өзүн саясатчы сезгениненби?

- Оболу эле кыргыз саясатына эч кандай даярдыгы жок, кала берсе саясаттын табышмактуу дүйнөсүнөн түк кабары жоктордун топтолуп калганынан кеп кылалы.

Албетте, бул айласыздын иши болду... Казанда болсо чөмүчкө чыгат, жок болсо не чыгат эле дегендей. Мына ошол бар каймактарыбыздын апенди көз караштарына ынанып-ынанбай, күлүп-күлбөй, баш чайкап-чайкабай келебиз да. 

Саясатчы дегени Мадумаров айтмакчы, сөзсүз сабаттуу гана болбой, куйту, жалганды чындап сүйлөгөн, мурдунун учунан бир аз алысты көргөн, чукугандай сөз тапкан чечен болушу керек. Бирок, мына ушул сапаттарын ал жеке кызыкчылыктан жогору коюп, мамлекет үчүн багыштаса жакшы болот эле.

Кыргыз саясаты 2005-жылдан кийин кадимки шакараптан айырмаланбай калды. Акаевдин кезинде президенттик, жетекчи кызматтар кол жетпеген бир ыйыктай сезилип, ар ким эле ага умтула берген эмес.

Анан төңкөрүш боло калып, алдыга жалаң төштөр чыгышып, кечээ эле жаныңда отуруп бир куйум чайын эптеп иче албагандар бийликтин ар кайсыл бутактарында отуруп калышканда баарыбыз чочуп ойгонгонсуп, өңүң не да, түшүң не деп ичибизде ар бирибиз өзүбүздү президент, жок эле дегенде айыл башчы катары сезип калдык.

Мына ушул дарт коронавирусту жолго калтырып тегиз жукту... Бүгүн баарыбыз колубуздан келер, келбесине карабай саясатчыбыз. Башыбыз жетпесе деле эзели укпагандар маселе тууралуу айта бергенди адатка айлантып алдык.

- Эмнегедир коомчулукта Балбак Түлөбаевди да сынга алгандар көбөйө баштады. Ал калпыстыкка өзү жол бердиби же ал айткан маселенин өзөгүн түшүнө албай калдыкпы?

- Балбак Түлөбаев бийликтин табиятынан кабарадар болгондо мындай апендичиликти ыйык тирубанадан жар салмак эмес... Ага ал айткан сөздү атайын бир топ иштеп чыгып, чоң максат менен ушул сөздү айттырды. Учкундан жалын тутантуу максатында. Балбак “балп” эттирди. Бийлик дегениң момпосуй эместигин, ал деген такай күрөш, салгылаш, өлүм менен коштолуп келгенин кайдан билсин. Жок дегенде өзү деле иштемиш болуп жүрбөдү. Ошондо тим эле ары-бери басып, Кудаярхандай жүргөн окшойт эчтемкени туйбай. Ошон үчүн байкабай калса керек.

- Башкы прокурор менен УКМКнын тиреши башталдыбы? УКМК сунуштаган долбоорго Башпрокурор каршы чыкты го?

- Эгерде тирешүү болбосо, иш алдыга жылмак беле. Албетте, ачык тирешүү деле болот. Бирок, мына ушул тирешүүнү кимдир бирөө атайылап жасап жатканын байкоо кыйын. “Восток-дело тонкое”... Тирешүүнүн максаты ар бир тарап өзүнүн чыйырын тазалап, чокунун чокусуна жетүүдө.

Тагыраагы, бийликти толугу менен колго алуу. Ошон үчүн чыгышта батыштагы демократиялык өлкөлөрдөн айырмаланып, баары чырлуу дешет. Демек, Балбак кайсыл бир топтун тузагына илинген. Ошонун сөзүн согуп тура берет. Бирок, аба-ырайы өзгөрүп кетсе бери өтө качат.

Бул “кыргызский варианттын” бир түрү. Эмне үчүн башкы прокуратура менен УКМК? Анткени, президентти алсыратуунун бирден бир жеңил жолу ушул Зулушев менен Ташиевди чабыштырууда. Президент кимисине ыктап кетсе ошону колдоп дегендей. Куйтулук, интригага толгон саясаттын табияты дайыма ушундай болуп келген, болот жана боло берет.

Бирок, Балбак жана анын көзүрлөрү бу жолу бир аз жаңылышты. Зулушеви да, Ташиев да кечээкиден катуу эле сабак алышкандыктан, жакынкы аралыкта алар жаздым басып алышпайт. Ооба, бул тууралуу президент “парламент менен президенттин чабышуусу жакшылыкка алып барбайт” деп ырасмий айтпады беле жакында эле.

Анткени, бийликке умтулган таасирдүү күч таразанын ташын кудум парламентке таштагандай. Ошон үчүн УКМКнын мыйзамдарынын канатын кайрып салышты. Дагы келсе дагы ошондой аракет жасашат. Башка мыйзамдарга деле ошондой мамиле болот.

Чырдын башы парламент болуп калышы ыктымал. Мадумаровдун айланасындагы мыйзамдуу кадамдарды мыйзамсыз деп аташып жөн эле чоң ата болуп жатышпайт...

Колуң менен жасаганды мойнуң менен тарт дегенди унутуп, Прокуратуранын дарегине “булут тарайт, жарык күн келет” деп Мадумаров каймана айтканы менен, ал чынында бул сөздү президентке айтты. Демек, таасирдүү күч кымызды ичип, жиликтерди бөлүп алышып, катуу эле даярдыктан өтүшүп, соңку чабуулду күтүп жатышкандай...

Болгону элдин маанайынын кечээкиге окшобой, өзгөрүп калганын эстерине да албай, көктүк кылышканында. Албетте, каршылык кыймылынын партизандары өткөн төңкөрүштөрдү көзүнө тутуп, бир шылтоонун айынан төө басты кылабыз деп турушат.

Кала берсе ар кандай комитеттерди, уюм-парламенти түзүү, медиа аймагындагы аша чапкандык. Бороондун алдындагы бороончо эле. Ошон үчүн төңкөрүштүн карааны аралап калды деп ургулап-соккулап жатышпайбы...

Бу Курдайы баары теңирден тескериге кетет. Бүгүн эл аралык кырдаал да опурталдуу. Казактардагы оңунан чыкпай калган төңкөрүш да ойго салып турган чагы кутумчуларды. Парламент аркылуу тоону кулатуу операциясы улантылууда...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости