www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия менен Украинанын ортосундагы акыркы абал жана лидер мамлекеттердин аракети? 

АКШ дүйнөлүк аренадагы үстөмдүк абалынан ажырап, азыр Украинанын тегерегиндеги кырдаалды өз кызыкчылыгына пайдаланууга аракет кылууда. Мындай пикирин «Багынбаган Франция» партиясынын лидери Жан-Люк Меленшон “France 2” телеканалында билдирди.
Журналисттин: “Кимди агрессор деп эсептейсиз, НАТОбу же Орусиябы,” - деген суроосуна Меленшон: “Толук түрдө НАТО”, - деп жооп берди. 

Буга утурлай, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарованын айтымында, январь айындагы орус дипломаттарынын Украинадан эвакуацияланышы тууралуу батыш медиасынын билдирүүлөрү, батыштын бир катар басылмаларында, атап айтканда, "The New York Times" гезитинде дээрлик бир ай мурун “Православдык Рождество” майрамында, Украинадагы орус дипломаттарынын бир нече балдары зыяратка барганда чыккан. “Бул толук түрдө каралоо экени белгилүү”, - деди Захарова.

Ал арада, АКШ президенти Жо Байден Евробиримдиктеги жана НАТОдогу кесиптештери менен сүйлөшүүсүндө: “16-февралда Орусия Украинага басып кирет”, - деп айткан.

Эске салсак, АКШнын Мамлекеттик департаменти Киевдеги элчиликтин кээ бирки кызматкерлерин өлкөдөн чыгып кетүүгө буйрук берди. Бул тууралуу АКШнын дипломатиялык өкүлчүлүгү "Twitter" баракчасынан билдирди.

Мындан сырткары, “Кувейт бийлиги эмираттын жарандарын Украинанын аймагынан чыгып кетүүгө жана коопсуздук үчүн бул өлкөгө барбоого чакырды”, - деп билдирди Кувейттин Тышкы иштер министрлиги. 

Кошумчалай кетсек, жарандарын Украинадан чыгып кетүүгө чакырган өлкөлөрдүн арасында Германия да бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости