www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздын чыныгы генаралы Молдомуса Конгантиев жарык дүйнө менен коштошту. Бул тууралуу жакын досу Замирбек Рысбеков билдирди.

Молдомуса Конгантиев 1958-жылдын 31-мартында Жалал-Абад облусунун Майлы-Сай шаарында туулган.

1989-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин "укук таануу" адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун Улуттук банкта күзөтчү катары баштаган. Кийин Социалисттик менчикти уурдоого каршы бөлүмдө нөөмөтчүдөн тарта опер кызматкерге чейин жеткен. Андан соң Жалал-Абад милициясында ар кайсы кызматтарды аркалап жүрүп, 2005-жылы "жоогазын" революциясынан кийин Бишкек милициясынын жетекчиси болуп дайындалган. Бул кызматта үч жыл отуруп, 2008-жылдын январь айында ички иштер министри болгон. ИИМди ал 2010-жылга чейин жетектеген.

2010-жылдын 7-апрель күнү эл Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы митингге чыкканда, нааразычылык эң курч болуп турган Талас шаарына барган. Ошол жерден нааразы болгон митингчилердин колуна түшүп калып ур-тепкиге алынган. Көп өтпөй аны жубайы Кыргызстандан алып чыгып кеткенин жергиликтүү ЖМКлар жазган. Бирок 26-апрель күнү КРдин Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы россиялык кесиптештеринин жардамы менен Москва шаарынан аны колго түшүрүп, Бишкекке алып келген. Ага "Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу" жана "Шалаакылык" беренелери менен айып коюлган.

2019-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди бардык айыптоолор боюнча далил табылбагандыктан күнөөсүз деген чечим чыгарган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости