www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сегиз жыл чогуу иштеген достор эже-сиңди болуп чыкты

АКШда бир барда сегиз жыл чогуу иштеген эки дос эже-сиңди болуп чыкты. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазып чыкты.

31 жаштагы Джулия Тинетти жана 32 жаштагы Кассандра Мэдисон 2013-жылы Коннектикут штатындагы Нью-Хейвен шаарында "Russian Lady" барында иштей баштаганда таанышкан. Башында бейтааныш адамдар аларды бири-бирине окшош экендигин айтышкан. Кийин Джулия Кассандранын денесинен Доминикан Республикасынын желегиндей татуировкасына көңүл бурган. Андан кийин алар тууган болушубуз мүмкүнбү деп божомолдошкон. Бирок докуметтеги маалыматтар дал келген эмес. Ошол учурдан баштап алар дос болуп, ал тургай тамашалап өздөрүн эже деп атай башташкан.

2021-жылы Кассандра Доминикан Республикасында биологиялык ата-энеси менен жолугуп, алардан чындыкты билген. Көрсө, үй-бүлөнүн тогуз баласы бар экен, ата-энеси эки кызды таштап кетүүгө аргасыз болушкан, анткени мындай чоң үй-бүлөнү бага албай калышкан. ДНК тест Кассандра менен Джулиянын ортосундагы мамилени тастыктаган. Экөө тең ошол жерде төрөлүп, бирок эки башка үй-бүлө багып алышкан.

"Биз бир тууганбыз! Ошол эле апа, ошол эле ата! Жөн гана чогуу иштөөгө мүмкүнчүлүк алган эки кыз эже-сиңди экендигин билип калышты", - деп жазган Кассандра Facebook баракчасына.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости