www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Качып кеткен Сапар Исаковго катуу чара көрүлсүн. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Надира Нарматова NazarNews маалымат агенттигине кечээ, 26 - февралда билдирди.

--“Сапар Исаков чет өлкөгө качып кетип, президентке, башкаларга приказ берип жатат” ага катуу чара көрүлсүн. Али Токтакунов эмнеге Сапар Исаков боюнча иликтөө жасабайт. Ал мамлекетке аябай чоң зыян келтирген. Миллиондорду жеп алган. Бул боюнча фактылар аныкталып, кылмыш иши козголуп, камалган. Учурда ал чет өлкөдө жашынып алып Райымбек Матраимовду жамандап жатат. “Качып кетсек, унутулат” деп жүрүшөт. Коррупция кылган адамдар мыйзам алдында жоопко тартылышы зарыл. Садыр Жапаровго кайрылам Кыргызстанда темирдей тартип орносун. Эч кимге карабай мыйзамдуу чара көрүлсүн. Элдин башын айланткан күчтөргө жол бербесин. Кыргызстанда тартип болсо инвесторлор келет. Алардын дагы келгенде коопсуздугу сакталыш керек. Биздин өлкөдө башаламан жашоо болуп, тынчтык болбосо алар дагы коркуп келбейт. Экономика көтөрүлбөйт. Ошондуктан ар кайсы саясий күчтөргө курал болбой, саясий оюндарга азгырылбай мамлекетти алдыга жылдыралы”, - дейт Нарматова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости