www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Шайлоочулар кантип добуш беришти билише элек. Баары эле соц тармактарда отурган жок, отурса да жаңы шайлоо системасын ким эле окуп жатыптыр", - деди бүгүн, 30-октябрда, NazarNews маалымат агенттигине экономист Сейдалы Мырзакматов.

-Сейдалы мырза, шайлоого бир мандаттуу округдан чыккандарда шанс көппү же партиялык тизме менен чыккандарда  көбүрөөк добуш алуу мүмкүнчүлүгү барбы?

Экөөндө тең бирдей эле болот. Болгону партия менен чыккандарда шанс көбүрөөк. Преференциалдык система, бул жаңылык, жетишкендик деп мактап жатышат. Чындыгында эч кандай жетишкендик эмес.

Постсоветтик КРдагы бардык бийлик ар бир шайлоодо жаңы бир нерселерди ойлоп таап келишет. "Карусель", "форма2", "открепительные талон", шайлоо босогосу деген сыяктуу. Кыскасы, шайлоого шайлоочулардын отуз проценти катышса деле, шайлоо өттү деген нормага чейин жеттик.

Префернциалдык шайлоо системасы, жалпылаштырып айта турган болсок, бул бир мандаттуу эле системанын өзү, болгону партия ичиндеги кандидат жалпы республикалык масштабда добуш алса болот. Бир мандаттуу округдан шайлоого чыккандар ошол округдагы шайлоочулары менен чектелет.

-БШК элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кантип добуш берүү керектигин элге толук кандуу жеткире алдыбы? 

- БШК эч кандай түшүндүрүү иштерин жасаган жок. Шайлоочулар кантип добуш беришти билише элек. Баары эле соц тармактарда отурган жок, отурса да жаңы шайлоо системасын ким эле окуп жатыптыр. Ошон үчүн  БШК жаңы шайлоо системасын элге түшүндүрүшү керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости