www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кумтөрдүн акчасын Кумтөр келтирген экологиялык кесепеттерди жоюуга жумшаш керек", - деди бүгүн, 22-июнда NazarNews маалымат агенттигине экономист Сейдалы Мырзакматов.

- Арыбаңыз, Сейдалы агай! "Центерра голд" компаниясы Кыргызстандан чыгып кетип, Кыргызстан Кумтөргө ээлик кылып калганын туура болдубу? Муну жеңиш катары баалашыбыз керекпи?

- Баары эле жеңиш деп кол чаап жатышат. Тескери аргумент айтыш кыйын.

- Эмнеге?

- Анын себептери көп. Эң башкысы, толук маалымат эч кимде жок. Азыркы бийлик, бардык мезгилдин бийликтериндей эле, өздөрү жасап жаткан иштерин туура деп айтышат. Бирок, мен жеңиш деп айта албайм. Компромисс же патовая ситуация болду бул жерде. Эки тарап тең жеңе алышпай, анан айла жок мунапыска келишти. Бул тема, бул окуя, бир нече убактан кийин ачыкталат.

Негизи Кумтөр проектиси башынан аягына чейин кыргыз тарап үчүн кызылдай эле утулуш болуп келген. Казгандан көрө казбай койгон оң болчу. Бирок, өткөндү ким кайрый алмак эле. Азыркы бийлик айтып жаткандай май көл, сүт көл болсо, миң мертебе рахмат. Бир гана кошумчам, азырынча Кумтөрдөн мындан ары түшө турган пайданы, Кумтөрдүн айынан келип чыккан экологиялык маселеге жумшашса жакшы болот. Азыркы учурда кызыгып, бюджетке сала берип, келечекте экологиялык катастрофага жол берилбеши керек.

Буга чейинки бийликтердин бардыгынын Кумтөр боюнча эң чоң катасы ушунда болгон. Күнүмдүк маселелерге кызыгып, Кумтөрдөн азбы, көппү түшүп жаткан акчаларды бюджеттин тешигин жамаганга жумшай беришкен.

- Кайсыл иштерге жумшаш керек эле?

- Кумтөрдүн акчасы менен, КР экономикасынын башка секторлорун жандантып кетиш керек эле. Башкача айтканда. Кумтөр проектиси башка тармактар үчүн катализатор болушу керек болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости