www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Селден адам кантип сактануу керек? ӨКМден жети кеңеш

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоо сууларынын нугунда капысынан пайда болгон баткактуу же таштуу суу ташкыны, башкача айтканда, селден кантип сактануу керектиги тууралцу кеңеш берет.

Эгер сиз табигый сел кырсыгына кабылсаңыз:

•өзүңүздү кармап, дүрбөлөңгө түшпөңүз;
•маалымат түйүндөрүн тыңдап туруңуз;
•"коопсуздук куржунун" алыңыз;
•үйдөн чыгарда электр жарыгын, газды өчүрүп, терезелерди жана эшиктерди бекем жабыңыз;
•суу каптаган аймактан курулуш материалдарын, жер семирткичтерди, күйүүчү материалдарды, отундарды ж.б. алып коюңуз;
•сел кырсыгынан сактанууда коопсуз болгон бийик кабатка чыгыңыз;
•өзгөчө кырдаалга кабылсаңыз күндүзү ак кездемени, ал эми түнкүсүн кол чыракты булгалаңыз.

Кырсык катталганда “112” бирдиктүү номер аркылуу куткаруу кызматына кайрылыңыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости