www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мегакомго уурдабаган, уурдатпай турган жигиттерди койсун. Мындай пикирди журналист Семетей Талас уулу билдирди.

«Бир кезде Садыке, «Алтын жумуртка тууп берип жаткан, «Мегакомду» эмне сатканы жатасыңар?!» деп какылыктаса, жанына Түптүн короздору тура алчу эмес... Эми сатканы калыптыр. Жөнөкөй эле арифметика кылалычы, Кыргызстан бир жылда 18000ге чукул жумуш орунга квота берет, ушул эле санда чет элден студенттер келип окуйт. Булардын ар бирине Мегакомдун симкасын 500 сомдон сатсын. Ушул жерден эле 18 миллион сом түшөт. Өзбекстан, Тажикстандан келген гастербайттерлер жылына 40 000 кишиден ашат аларга сатсын. 20 миллион сомго. 28 000 мамлекеттик кызматкер бар, аларды мегакомго өткөрсүн, 162 миллион сом түшөт. Мугалимдер, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери бүт мегакомго өткөрсүн. Уурдабаган, уурдатпай турган жигиттерди койсун Мегакомго. Негизи, Мегакомдо коррупция толтура, болбосо, Кумтөрдөн кийин киреше бере турчу улуттук оператор. Жылына 2 миллиард сом таза пайда тапса болот.

PS: Мегакомду сатыш керек, жакында интернет бекер болот, ал эле, бул эле апийимдин гүлү эле дегендер аркы четте дүңк чегип отура тургулачы. Ал сөз 2011-жылдан бери айтылып отурат. Андан бери казактардын Ошкасы биринчи орунга чыгып, кыргызстандыктардын акчасын күрөп, миллиарддаган сом пайда таап жатат», - деп кошумчалаган Семетей Талас уулу.

Эске салсак, кечээ парламенттин жыйынында Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров MegaCom компаниясынын наркы азырынча баалана электигин билдирген. Ал эми Улуттук банкты потенциалдуу кардар катары карап жаткандыктарын айтышкан эле.

Активдер тууралуу кыскача маалымат

«Керемет банк» (алгач «Азия универсал банкынын» активдеринин базасында «Залкар банк» болуп түзүлүп, кийин «Росинбанк» болуп өзгөргөн. 2019-жылдан бери ушул аталышта) — негизги акционери Улуттук банк (97,45 пайыз);

«Кепилдик фонду» ААК — акцияларынын 85 пайызынан көбү Улуттук банкка таандык, калганы мамлекетке тиешелүү. Фонддун милдети — банктан насыя алууда чакан жана орто ишкерлик субъектилерине кепилдик берүү;

Евразиялык сактык банкы — банктын сайттагы маалыматтарына ылайык, акциясынын 66,6 пайызы Маммүлккө тиешелүү. Андан кийин фонд дагы 10 пайызына кошумча ээлик кылып калган. Ушу тапта банкта Убактылуу администрациянын атайын режими иштейт;

«Альфа Телеком» ЖАК — уюлдук оператор, акциясынын 100 пайызы Маммүлккө таандык. Компанияны сатууга бир нече ирет аракет болгон, бирок биринен да майнап чыккан эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости