www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-июлда Ички иштер министрлигинин колдоосу алдында “Биргеликте адам сатууну токтотобуз” аттуу 100 күндүк маалымат өнөктүгү башталды. Бул тууралу бүгүн, 30-июлда маалымат жыйында ИИМдин Криминалдык милиция башкармалыгынын башчысы Марлис Жумабаев билдирди.

Анын айтымында, 2013-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы 30-июлду Бүткүл дүйнөлүк адам сатуу менен күрөшүү күнү деп белгилеген.

--“Аталган күндүн негизги максаты адам сатуунун курмандыктарынын абалын, алардын укуктарын илгерилитүүгө жана коргоого багытталган маалымдуулукту жогорулатуу болуп саналат. Жыл сайын Бүткүл дүйнөлүк адам сатуу менен күрөшүү күнүнүн тематикасы аныкталат. Ал эми 2021-жылдын темасы “Жабырлануучулардын үнү жолду көрсөтөт” деп аталат, өнөктүк адам сатууга каршы күрөштүн негизги катышуучулары катары жабырлануучулардын муктаждыктарына багытталган”, - деди Жумабаев.

Ал мамлекеттик саясат курмандыктардын бул кылмыштын алдын алуу боюнча натыйжалуу чараларды иштеп чыгууда чечүүчү ролду баса белгилеп, курмандыктарды табуу жана куткаруу, аларды калыбына келтирүү жолунда колдоо көрсөтүшү керек деп белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости