www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Биздин адистер миграция боюнча калк арасында тынымсыз иш алып барууда” дейт Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова бүгүн өткөн маалымат жыйында.
--“Адам сатууга каршы 100 күн! Дал ушундай аталыштагы маалыматтык кампания өлкө аймактарында түшүндүрүү иштерин баштайт. Анда жаш активисттер адамдарды сатуу жана жөнгө салынбаган миграция боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшмөкчү.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында ала качуу, мажбурлап никеге тургузуу, аны алдын алуу боюнча калк арасында маалымат жайылтылат. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин социалдык кызматкерлери жапа чеккен адамдарга жолугуп, жардам берет.
Ошону менен катар башка мамлекеттен кулчулукка кабылып же ар кандай зордук-зомбулукка дуушар болгон жарандарга мындан кийинки жашоосуна жана психологиялык жардам көрсөтүшөт.
Бизге “Сезим” кризистик борбору жана башка адам укуктарын коргогон уямдар, эл аралык уюмдар чоң жардам берип жатат. Биз өспүрүмдөргө калктын аярлуу катмарында жашаган жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү токтотпойбуз”, - дейт Солтонбекова.
Булак: NazarNews.kg