www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаттары MegaCom компаниясын жана үч банктагы мамлекеттик үлүштөрдү сатуу боюнча токтом долбоорун жактырды.
MegaCom боюнча бардыгы болуп 82 депутат добуш берсе, анын — 80и макул, экөө гана каршы болгон.
Төмөнкү активдер сатыкка коюлган:
MegaCom соода маркасы менен таанымал "Альфа Телеком" компаниясынын акциясынын 100 пайызы;
"Кепилдик фондунун" 14,09 пайызы;
"Керемет банктын" 0,74 пайызы;
Евразиялык сактык банктын 76,56 пайызы.
Эске салсак, кечээ парламенттин жыйынында Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров MegaCom компаниясынын наркы азырынча баалана электигин билдирген. Ал эми Улуттук банкты потенциалдуу кардар катары карап жаткандыктарын айтышкан эле.
Булак: NazarNews.kg