www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Семетей, жакында эле казактардын баарын каратып туруп алтынды алып келе бертиптирсиң. Кепти ошол мелдештен баштайлы...

-Иш чара абдан чоң Эл аралык даражада өттү. Казакстандын  Павлодар шаарында шахмат боюнча чеберлердин арасында өткөрүштү.  Чынында абдан жакшы өткөрүштү, казактар ката кетиришпейт билесиздер да.

-Гроссмайтер болууга  дагы деле аракет кылып жатасыңбы?

-Дагы бир аз рейтингим көтөрүлсө ал кыялыма детем. 3 упай топтосом эле жетмекмин. Ал упайды Ирандагы чоң мелдеште топтоп келдим. Мелдеш жакында эле бүттү.  Азыр  рейтингдин санын 2500гө жеткириш керек.   Рейтингим азырынча 2425 болуп жатат. 2500гө жеткенден кийин Кудай буйруса  наамды расмий түрдө мага тапшырышат. Мен бул күндү чыдамсыздык менен күтүп жатам.

-Бишкек шаарында атайын шахмат Академиясын ачканыңды уктук...

-Ооба атайын балдарды үйрөтүү боюнча шахмат академиясын ачып иштетип жатабыз.  Учурда ал жакта өзүм машыктыруучу болуп иштеп жатам. Алдыга койгон  пландарым, максаттарым абдан көп. Ушул академия ак жолтой болуп, көп-көп чемпиондорду өстүрсөк деген максатыбыз бар. Кыргызстандын атынан дүйнөлүк даражада ойногон балдар чыкса деп тилейм. Академияны ачканыбызга 3 эле ай болду, бирок абдан жакшы көрсөткүч менен баратабыз. Ата-энелер балдарын берип  жатышат,  өздөрү дагы келип катышышат.

-Мындай академияны  Кыргызстан боюнча жайылтуу максатыңар деле болсо керек. Же Бишкек менен эле чектелесиңерби?

-Кудай буйруса Бишкекте эле эмес, Кыргызстандын баардык шаарларында биздин  академия иштеп жаш жеткинчектер өздөрүнүн талантын сынаса деген ниетибиз бар.

-Балдарды кандай шарт менен кабыл аласыңар?

-Ал жерде жалаң шахмат боюнча дүйнөлүк даражада ийгиликке жетишкендер сабак беребиз.  Балдарды  болсо жаңы ойноп жаткандардан баштап, мурда ойноп жүрүп эми улантабыз дегендерге чейин топторго бөлүп койгонбуз. Буйруса келечекте чоңдор үчүн шахмат сүйүүчүлөргө арналган атайын топтор дагы ачылат.

-Быйылкы жылы  сени алдыда кандай мелдештер күтүп жатат?

-Жакында республиканын мелдеши башталат.  Ошол мелдешке катышам.  Мамлекеттин намысын талаша турган мелдештер, өзүбүз өткөрчү иш чаралар дагы абдан көп. Кудай буйруса  ниет пландарыбызга жетсек экен деп аракет кылып жатабыз.

-Дүйнөлүк “ФИДЕ” федерациясы жылдын жыйынтыгын жарыялаганда дүйнөлүк шахматчылардын арасында сени биринчи орунга чыгарыптыр. Кыргызстан менен кошо өзүң дагы  күтпөсөң керек?

-Бул мага абдан кубанычтуу маалымат болду. Көп  убакыт шахмат жаатында иштеп, мамлекеттин намысын талашып жүрдүм, күчүмдү убакытымдын баарын шахматка арнадым. Ошонун баарынын жемиши ушул болду деп ойлойм. Учурдан пайдаланып “ФИДЕ”  федерациясына ыраазчылык билдирип койсом болот. Ким мага добуш берсе баардыгына чоң рахмат, абдан ыраазымын.

-Дүйнөлүк  чемпион болуу кыялыңдан кайта элексиңби? 

-Дүйнөлүк шахмат боюнча чемпион болуу кыялыма жетүүгө аракет кылып жүрөм.  Генерал болууну самабаган аскер аскер эмес деп айтып коюшат го.   Алдыга койгон максаттар абдан чоң болуп, жетүүгө аракеттенүү зарыл.  Кыялданып эле таштап койбой аракет кылса  баардыгы аткарылат.  Чемпион болбой калсам деле өкүнбөйм,  анткени Кудайымдын буйругу.  Бирок аракет кылам.  Ар бир иште максаттарга жетүү үчүн аракет кылышы зарыл. Буйруса дүйнө чемпиону болом деген ниетим бар.

-Келечекте балдарымды шахматка берем, Семетейдей мыкты шахматчы болсун деген ата-энелер жок эмес. Аларга кандай кеңеш айтат элең?

-Балдарга ата-эне ким болом десе дагы максаттарына жетүүгө жол көрсөтүп жаман айтпай чоңойтуу зарыл.  Турмуштун түйшүгүн жылдыра туруп балага көп убакыт бөлүү керек. Бала бир нерсени билбей жатса бакырып урушуп салган ата-энелер өзүнүн сабырын кармаш керек. Анткени алар бала, көп нерсени билбей, түшүнбөй калышы мүмкүн.  Мисалы бала мелдеште утулуп калса “Сен утулуп калдың” дебей “балам сен азаматсың аракет кылдың. Буйруса келээркиде утасың”-деп моралдык жактан колдоо зарыл. Психологиялык жактан  басым кыла берсе бала эч нерсеге аракет кылбай калат. Ата-эненин  моралдык жана каржылык жактан колдоосу аба менен суудай эле зарыл нерсе.

-Демек сенин  кичинеңде ата-энең көп  жардам берчү окшойт..

-Кичинемде гана эмес азыр дагы моралдык жактан, каржыдан кыйналсам жардамга келишет, колдошот көтөрмөлөшөт.  Мен бул үчүн ата-энеме абдан ыраазымын. Мен эмне ийгиликтерге жетишсем баардыгынын артында атам менен апамдын эмгеги бар. Керек болсо атам мен үчүн баарын таштап мелдештерге кошо барып,  күйөрман болуп, утулуп калсам  көңүлүмдү көтөрүп, утуп калсам кошо кубанып турат.  Ушундай ата-энем бар экенине чексиз сыймыктанам.

Баяна Кулова, "Жаңы ОРДО"

Последние новости