www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинаны аябай колдомуш болуп аткан Англия украин качкындарын толук албай жатат. Мындай пикирин журналист Семетей Талас уулу өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
«Украинаны аябай колдомуш болуп аткан Англия украин качкындарын толук албай жатат. 30 000 киши чекарага барса, 3000ин гана алып. Эки жүздүү Батыш, Украинаны шыкактап атып, чечүүчү күндө артка секирди. Байкуш украиндерге гана жаман болду. Путиндин да саясатын колдобойм. Бирок айла жок», - деп жазган ал.
Эске салсак, Орусиянын президенти Владимир Путиндин «Донбасстагы калкты коргоо» тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген.
Он беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катаал чабуулдар Киевге жана Харьковго жасалды.
Ал эми БУУнун маалыматы боюнча согуш башталгандан бери Украинадан 2 миллион адам чыгып кетти.
Булак: NazarNews.kg